«Кумтөр Голд Компани» камактагы Тенгиз Бөлтүрүктүн катына жооп берди

«Кумтөр Голд Компани» камактагы Тенгиз Бөлтүрүктүн катына жооп берди

«Кумтөр Голд» ЖАКтын каражаттарын уурдоого шектелген Тенгиз Бөлтүрүктүн каты бизди таң калтырды. Мындай билдирүүнү компаниянын жетекчилиги билдирди.

“КГКнын” азыркы жетекчилиги Тенгиз Бөлтүрүк компанияны бир жылдан ашык жетектеп, өзүнүн долбоорлорун жана пландарын ишке ашыруу үчүн бардык шарттар менен камсыз болгон, жогорку айлыкка, гонорарга шектүү экспаттарды тартуудан башка эч кандай реалдуу кадамдар жасабаганын билдирди.

“Анын үстүнө, Кумтөр дагы эле анын кесепеттерин жоюуга аргасыз
болууда. Баса, бардык кызматтардагы “кымбат” чет элдиктерди ата мекендик адистерге ийгиликтүү алмаштырды. Жаңы жетекчилик компаниянын 2031-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыкты”, – деп айтылат билдирүүдө.

Геологиялык чалгындоо иштери толугу менен жүргүзүлүп жатканы да айтылат. Карьердин адистеринин маалыматы боюнча, 135 тоннадан ашык казып алууга боло турган алтын бар, дагы 112.6 тоннасы калдык сактоочу жайда.

“Бул көрсөткүчтөрдүн баарын Тенгиз Бөлтүрүк компаниянын жетекчиси катары жатка билиши керек. Албетте, Тенгиз Бөлтүрүк мындай орунсуз түрдө өзүн эстетип, өзүн алмаштыргыс кадр катары көрсөткүсү келүүдө.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Тенгиз Бөлтүрүктү жеке максаттарына жетүү үчүн компаниянын атын колдонбоону сунуш кылат”, – деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин бюджетине алты айда 22,6 млрд сом түштү

Бишкектин бюджетине алты айда 22,6 млрд сом түштү

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Бишкек шаарынын бюджетине 22,6 млрд сом түштү. Бул тууралуу мэриянын коллегиялык жыйынында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев билдирди. Маалыматка ылайык, алты айдын жыйынтыгында бюджеттин киреше бөлүгү боюнча план 115,1%га аткарылды. Натыйжада пландагы көрсөткүчтөн 3 млрд сомго көп каражат түштү. Салыктык кирешелер

Даректүү тасманын жаңы горизонту: Бишкекте өтүүчү II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалардын фестивалы  эмнеси менен маанилүү

Даректүү тасманын жаңы горизонту: Бишкекте өтүүчү II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалардын фестивалы эмнеси менен маанилүү

10-сентябрдан 14-сентябрга чейин Бишкек шаарында режиссёрлордун, продюсерлердин жана кино сүйүүчүлөрдүн башын бириктирген, II Эл аралык UmutDoc даректүү кинолордун фестивалы өтөт. Көрүүчүлөрдү жети өлкөдөн (Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Беларусь, Азербайжан, Грузия жана Латвия) келген 8 толук метраждуу жана 16 кыска метраждуу тасманын сынактык көрсөтүүлөрү, даректүү кинонун мыкты чыгармаларына сереп салуу

Кыргызстанда каттоодо турган жумушсуздардын саны 7%га азайды

Кыргызстанда каттоодо турган жумушсуздардын саны 7%га азайды

2026-жылдын 1-июлуна карата Кыргызстандын иш менен камсыз кылуу кызматтарында 60,5 миң жумушсуз жаран каттоодо турган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүнкү коллегияда министрдин биринчи орун басары Камчыбек Досматов бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7%га аз

Эмгек укуктарын коргоо көрсөткүчүнүн төмөндөө себептери такталат

Эмгек укуктарын коргоо көрсөткүчүнүн төмөндөө себептери такталат

Кыргызстандын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев министрликтин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиясында бир катар тапшырмаларды берди. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында жарандардын эмгек укуктарын коргоо жаатындагы көрсөткүчтөрдүн төмөндөшү талкууланды. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында өндүрүштөгү кырсыктан же жаракаттан келтирилген зыян үчүн