Быйыл фермерлерге Мамматрезервдер фонду аркылуу кошумча 7 млн литр дизель отуну берилет

Быйыл фермерлерге Мамматрезервдер фонду аркылуу кошумча 7 млн литр дизель отуну берилет

Кыргызстанга 2024-жылдагы жазгы талаа иштерине 42.5 миң тонна дизельдик отун талап кылынат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын орточо баасы бүгүнкү күндө 71.5 сом болууда. Учурда дизельдик отундун кымбаттыгына байланыштуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу дыйкан-фермерлерге 63.5 сомдон дизель отуну берилип жатат.

2023-жылы жалпысынан 3 млн 466 миң литр дизель отуну берилген. Ал эми дыйкан-фермерлер 63.5 сомдук дизель отунунун 770 тоннасын алышкан эмес. Быйыл Мамматрезервдер фонду аркылуу кошумча дагы 7 млн литр дизель отунун берүү каралып жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде мигранттардын долбоорлору аркылуу 100дөн ашык жумуш орду түзүлдү

Баткенде мигранттардын долбоорлору аркылуу 100дөн ашык жумуш орду түзүлдү

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов Эл аралык миграция уюмунун Кыргызстандагы жана Казакстандагы өкүлдөрү менен жолугушту. Өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, делегация Баткенге Улуу Британиядан кайтып келген эмгек мигранттарынын ишкердик демилгелерин колдоо долбоорунун жыйынтыгын карашты. 2023–2025-жылдары “1+1” механизми аркылуу мекенге кайтып келген 59 жарандын бизнес-пландары каржыланып, алардын 39у

Баткенде селдин кесепетинен ичүүчү суу токтотулду

Баткенде селдин кесепетинен ичүүчү суу токтотулду

22-июнда Баткен шаарында катуу сел жүргөндөн кийин тургундар борборлоштурулган суу менен камсыздоодон убактылуу ажырашты. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, нөшөрлөгөн жаандан жана анын кесепетинен электр энергиясынын өчүшүнөн улам шаардык резервуарларга суу жетиштүү көлөмдө топтолбой калган. Ушуга байланыштуу шаар боюнча ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотулду.

Манастагы жол кырсыгына шектелип 18 жаштагы айдоочу кармалды

Манастагы жол кырсыгына шектелип 18 жаштагы айдоочу кармалды

23-июнда таңкы саат 3:30 чамасында Манас шаарындагы Курманбек жана Качкынбаев көчөлөрүнүн кесилишинде эки автоунаа кагышып, бир адам каза болду. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, Tico үлгүсүндөгү автоунаа Качкынбаев көчөсү менен чыгыштан батышты көздөй бара жатып, Курманбек көчөсү менен келе жаткан BMW X5 автоунаасынын жолуна чыгып

Садыр Жапаров Кочкордо курулуп жаткан ипотекалык үйлөрдү текшерди

Садыр Жапаров Кочкордо курулуп жаткан ипотекалык үйлөрдү текшерди

Президент Садыр Жапаров 23-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан Кочкор айылында курулуп жаткан көп батирлүү турак үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты. Президенттик админстрациянын малыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, Мамлекет башчысына аянты 2 гектар жер тилкесинде беш кабаттуу 8 блоктон турган турак жай комплексинин курулушу уланып