Кытайлык компания Бишкекте таштандыларды кайра иштетүүчү завод курат

Кытайлык компания Бишкекте таштандыларды кайра иштетүүчү завод курат

Кытайлык Junxin Environment Protection компаниясы Бишкекке таштандыларды кайра иштетүүчү жана өрттөөчү завод курат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси, ошондой эле катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү заводдун курулушунун долбоордук-сметалык документтери иштелип чыгууда.

"Капсуланы үстүбүздөгү жылдын башында жаз айларында салуу пландалууда. Курулуш процесси бир жарым жылга жакын убакытты алат", деп билдирет Бишкек шаарынын мэриясы.

Эске салсак, 2023-жылдын ноябрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен Junxin Dai Daoguo компаниясынын башкы директору таштандыларды күйгүзүү негизинде электр энергиясын өндүрүүчү объект боюнча кызматташуу боюнча алкактык келишимге кол коюшкан.

Мындан тышкары окуңуз

“Манас” аба майданына барчу жолдун жээгиндеги теректер кыйылууда

“Манас” аба майданына барчу жолдун жээгиндеги теректер кыйылууда

“Манас” эл аралык аба майданына барчу жолду оңдоп-түзөө иштеринин алкагында 650 карагай жана 20 туя көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ишканасынан билдирди. Компаниянын маалыматында, долбоор ишке ашкан сайын бак-дарактарды көчүрүү иштери улантылат жана мындан ары бак-дарактарды кыюу пландалбаганын такташты. Компания жолду оңдоо иштери Бишкек шаардык мэриясы

Баатыр энелерге берилчү төлөмдү 5 миң сомго жеткирүү каралууда

Баатыр энелерге берилчү төлөмдү 5 миң сомго жеткирүү каралууда

Баатыр энелерге ай сайын берилүүчү кошумча төлөмдү 5000 сомго жеткирүү сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев журналисттер үчүн өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, тиешелүү мыйзам долбоорунун алкагында баатыр энелерге төлөмдөрү бирдей суммада болот. Учурда пенсия курагындагы баатыр энелер 1000 сом, ал эми жөлөк пул алгандар 3000 сом

2025-жылы Кыргызстанда QR төлөмдөрүнүн көлөмү 900 млрд сомдон ашкан

2025-жылы Кыргызстанда QR төлөмдөрүнүн көлөмү 900 млрд сомдон ашкан

Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшү өсүп, QR-код аркылуу жүргүзүлгөн операциялардын саны жана көлөмү рекорддук көрсөткүчтөргө жеткен. Бул тууралуу Улуттук банктын 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча маалыматта белгиленген. Билдирүүлөргө караганда, былтыркы жылы 2024-жылга салыштырмалуу QR-код аркылуу жүргүзүлгөн акча которуулардын саны 8,1 эсеге көбөйүп, 525,1 млн операцияны

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

25-июнда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи сессиясы жыйынтыкталды. Жыйын Кыргызстандын гимни менен аяктады. Баш мыйзамдын 83-беренесине, Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө өтөт жана сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат. Парламент төрагасы Марлен Маматалиев билдиргендей, сессиянын жүрүшүндө