Кумтөр ашпозчулары Gastro Antalya фестивалында 5 алтын, 1 күмүш, 1 коло медалга ээ болушту

Кумтөр ашпозчулары Gastro Antalya фестивалында 5 алтын, 1 күмүш, 1 коло медалга ээ болушту

Түркиянын Анталия шаарында өткөн фестивалда "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын ашпозчулар командасы алдыңкы орундарга татыктуу болушканын компаниянын маалыматына таянып “Кабар” агенттиги жазды.  

Компаниядан билдиришкендей, Gastro Antalya деп аталган гастрономиялык фестивалда кыргызстандык ашпозчулар 5 алтын, 1 күмүш, 1 коло медалга ээ болушкан. 

Анын ичинен "Кумтөр Голд Компанинин" су-шеф ашпозчусу Александр Ипатов үч алтын, наабайчы Асел Жумашова жана ашпозчу Фарух Ниязовдор дагы алтын алып, фестивалдын жогорку тепкичине көтөрүлүштү. Командага күмүш медалды ашпозчу Жаныбек Калдыбай уулу алып келсе, ал эми коло медалды ашпозчу Керез Бектурова утуп алган.

Кумтөрдүн коомдук тамактануу бөлүмүнүн ашпозчулары жыл сайын эл аралык фестиваль, сынактарга катышып келе жатышканы да айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин түндүк айланма жолунун айрым тилкелери убактылуу ачылды

Бишкектин түндүк айланма жолунун айрым тилкелери убактылуу ачылды

Кечээ Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Бишкек шаарынын түндүк айланма жолунда жүрүп жаткан курулуш иштерин жеринен текшерди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү жана жол тыгындарын азайтуу максатында Алма-Ата–Бишкек–Ташкент унаа жолунун 230–236-чакырымдар аралыгында жайгашкан эки деңгээлдүү үч жол түйүнү убактылуу пайдаланууга берилди. Асфальт төшөө

Тар дарыясында 200 мегаваттык чакан ГЭСтер каскады курулат

Тар дарыясында 200 мегаваттык чакан ГЭСтер каскады курулат

Кара-Кулжа районундагы Тар дарыясында чакан ГЭСтердин каскадын куруу долбоору боюнча меморандумга кол коюлганын Энергетика министрлиги билдирди. Мындай келишим МинКаб менен "Кыргызстан Риклейм Ко. ЛТД" ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн. Документке энергетика министринин орун басары  Алтынбек Рысбеков жана "Кыргызстан Риклейм Ко. ЛТД" ЖЧКнын башкы директорунун орун басары  Цю Чэньци

"Камбар-Ата-1" ГЭС долбооруна донорлор 2,5 млрд доллар салууга кызыкдар

"Камбар-Ата-1" ГЭС долбооруна донорлор 2,5 млрд доллар салууга кызыкдар

Энергетика министрлиги “Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясы (ГЭС) долбооруна 9 донор 2,5 млрд доллар салууга кызыкдар экенин билдирди. Министрлик ГЭСтин плотинасынын тиби аныкталып, аны ишке ашырууга Дүйнөлүк банк мурда бөлгөн 5 млн долларга кошумча дагы 13,6 млн доллар бергенин, бул банк ГЭСтин негизги курулушуна үч мамлекет үчүн (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан)

Чым-Коргон айылында жаңы мал базар ачылды

Чым-Коргон айылында жаңы мал базар ачылды

Чым-Коргон айылындагы ишке кирген мал базарга эки күндө жалпысынан 10 миңдей киши келгенин айыл аймагынын башчысы Алмазбек Дубанаев "Кабар" маалымат агенттигине билдирди. Анын айтымында, буга чейин убактылуу уюштурулган Чүй районунун Виноградное айылындагы мал базар бүгүн иштеген эмес. "Жалпы бөлүнгөн аянт 11 гектарды түзөт, анын 6 гектарын мал