Android смартондорунда экрандагыларды окуй ала турган вирус табылды

Android смартондорунда экрандагыларды окуй ала турган вирус табылды

Android смартондорунда экрандагыларды окуй ала турган Sturnus вирусу табылганын Android Authority басылмасы жазып чыкты.

Басылма белгилегендей, вирус колдонуучунун экранындагы маалыматтарды гана көрүп тим болбостон алардын шифрлөө системасын аңтарып чыга алат.  Мисалга, Sturnus вирусу Telegram менен Signal мессенджерлериндеги билдирүүлөргө кире алат. 

Экран аркылуу вирус паролдорду чогултуп, банктык колдонмолордогу маалыматтарды окуп, иликтейт жана жазышууларды окуп, смартфондогу маалыматтарды анализдей алат. 

Эксперттердин айтымында, вирус Google Chrome жана башка популярдуу колдонмолор астында жашырынат. Адистер аны интернеттеги apk-файлдар аркылуу жайгаштырышарын айтышат.  

Буга чейин Palo Alto Networks компаниясынын Unit 42 изилдөө бөлүмү Androidдерге зыяндуу Landfall программалык камсыздоосун колдонгон кибершпиондук жаңы кампанияны аныктаган. 

Мындан тышкары окуңуз

Гуанчжоу — Бишкек — Гуанчжоу авиакаттамы ишке кирди

Гуанчжоу — Бишкек — Гуанчжоу авиакаттамы ишке кирди

29-мартта China Southern Airlines авиакомпаниясынын Гуанчжоу — Бишкек — Гуанчжоу маршруту боюнча биринчи каттамы ишке ашканын кечээ "Кыргызстан Аэропорттору" ААКы билдирди. Компаниянын маалыматына караганда, регулярдуу каттамдар апта сайын эки жолу — шаршемби жана жекшемби күндөрү жүргүзүлөт. Биринчи каттам менен эл аралык Манас аэропорту аэропортуна 134 жүргүнчү келди, кайтарма каттам менен Гуанчжоуга

Бишкек жылуулук тармактарынын 69%ы эскирди – Ю.Дмитрущенко

Бишкек жылуулук тармактарынын 69%ы эскирди – Ю.Дмитрущенко

Бишкек шаарында жылуулук тармактарынын 68,6%ы физикалык жактан эскиргенин "Биринчи радио" эфиринде "Бишкекжылуулуктармактары" муниципалдык ишканасынын башкы инженери орун басары Юрий Дмитрущенко билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч 4%га төмөндөгөн — буга чейин эскирүү деңгээли 72,7%ды түзгөн. "Биз авариялардын санын минималдуу деңгээлге түшүрүүгө аракет

Кыргызстан менен Корея парламенттик кызматташтыкты күчөтөт

Кыргызстан менен Корея парламенттик кызматташтыкты күчөтөт

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Эл аралык иштер жана бирикмелер боюнча комитетинин төрагасы Ким Сок Гини кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү, парламенттик дипломатияны күчтөндүрүү маселелери талкууланды. Марлен Маматалиев Кыргызстан менен Корея акыркы жылдары

Бишкекте түнкү клубдарда баңгизатка каршы рейддер өткөрүлдү

Бишкекте түнкү клубдарда баңгизатка каршы рейддер өткөрүлдү

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Бишкек шаарында комплекстүү ыкчам-профилактикалык иш-чараларды өткөрдү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Рейддер жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда шаардагы бир катар түнкү клубдарда жана барларда жүргүзүлдү. Анын максаты — баңгизат жана психотроптук заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу болду. Иш-чаранын жүрүшүндө мыйзам талаптарын