Кыргыз кондитерлери эл аралык чемпионатта алтынга татыктуу болушту
Бишкектеги №10 С.Чокморов атындагы кесиптик лицейдин өндүрүш чебери Жамиля Жуматаева жана анын окуучусу Ажара Кеңешова "Chocolatine Kazakhstan – 2025" эл аралык чемпионатында алтын медаль жеңип алышты
Жеңиштен тышкары, кыргызстандык кондитерлер 2026-жылы Францияда өтчү World Chocolatine and Pain au Chocolat Championship мелдешинде өлкөн атынан чыгуу укугун алышты.
Чемпионатка Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан 22 катышуучу келди. Катышуучулар эки модул боюнча татаал кондитердик тапшырмаларды аткарышты, жана алардын иштери эл аралык эксперттер тарабынан бааланды.
"Chocolatine Kazakhstan – 2025" — бул кесиптик билим берүү чөйрөсүндө (колледждер жана лицейлер) окуучулар жана өндүрүш чеберлери үчүн престиждүү профессионалдык чеберчилик конкурсу. Мелдеш Борбор Азиянын таланттуу жаш кондитерлерин бириктирет жана жогорку кесиптик чеберчилик, чыгармачылыкты жана татаал технологияларды билүүнү талап кылат.