Максым даярдоо салттуу ыкмасы ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди

Максым даярдоо салттуу ыкмасы ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди

Кыргызстандын улуттук суусундугу болгон максым даярдоонун салттуу ыкмалары ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдүү тизмесине расмий түрдө киргизилгенин ЮНЕСКО иштери боюнча КРнын Улуттук комиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, чечим 2025-жылдын 10-декабрында, Индиянын Нью-Дели шаарында 8–13-декабрда өтүп жаткан Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитеттин 20-сессиясында бир добуштан кабыл алынды.

Максым боюнча номинация төрт жыл даярдалган. Кыргызстан бул арызды ЮНЕСКО катчылыгына 2023-жылы жөнөтүп, эксперттик баалоодон кийин документ комитеттин кароосуна чыгарылып, оң чечим кабыл алынды.

ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча, дүйнөлүк материалдык эмес маданий мурастын эл аралык тизмелери азыркы учурда 153 өлкөдөн 812 элементти камтыйт. Алардын ичинен Кыргызстанга тиешелүү 16 объект катталган. Аларга эпикалык трилогия "Манас, Семетей, Сейтек", ала кийиз жана шырдак жасоо өнөрү, көчмөндөр оюндары, көк бөрү жана башка маданий мурастар кирет.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы