Италияда калдыктардан 3D-принтерде ысылыктарды(закуска) басып чыгарышат

Италияда калдыктардан  3D-принтерде ысылыктарды(закуска) басып чыгарышат

Италиялык окумуштуулар лабораторияда өстүрүлгөн өсүмдүк клеткаларынан жана жемиш калдыктарынан таттуу закускаларды 3D-принтердин жардамы менен басып чыгара башташты.

Долбоор Nutri3D деп аталат жана аны өлкөнүн мамлекеттик илимий-изилдөө агенттиги ENEA иштеп чыккан. Прототиптердин катарына закуска үчүн батончиктер жана жылма "бал берметтери" кирет. Долбоорду ELT Group компаниясынын курамындагы италиялык жеке илимий-изилдөө фирмасы EltHub жана органикалык азык-түлүк өндүрүүгө адистешкен үй-бүлөлүк Rigoni di Asiago компаниясы жетектегени айтылат.

EltHub компаниясынын директору Эрманно Петриккинин айтымында, мындай закускалар ресурстар чектелген шарттарда — мисалы, космосто же кагылышуулар болгон аймактарда — өзгөчө пайдалуу болушу мүмкүн.

Жаңы снектерди өндүрүүдө негизги булактардын бири катары джем даярдоодон кийин калган жемиш калдыктары колдонулушу мүмкүн. Ал лабораторияда өстүрүлгөн өсүмдүк клеткалары менен айкалышып, азыктык батончиктерди басып чыгарууга негиз болот.

Адистердин божомолунда, бул ыкма өндүрүштөгү калдыктарды азайтууга, ошондой эле тез өзгөрүп жаткан климат шарттарында адамдар жакшы көргөн ысылыктарды сактап калууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, жаңы азык-түлүк жеткирүүдө үзгүлтүк болгон кагылыш аймактарында да 3D-закускалар колдонулушу мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы