Президент Алайкуудагы кар жиреп мектепке барган балага өзүнүн уюлдук телефонун, ноутбук белек кылды

Президент  Алайкуудагы кар жиреп мектепке барган балага өзүнүн уюлдук телефонун, ноутбук белек кылды

Президент Садыр Жапаров кечээ Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Коо-Чаты айылындагы “Айдың-Көл” башталгыч мектебинин 4-классынын окуучусу Нурзаман Алмазбековду кабыл алганын "Кабар" агенттиги жазды.

Буга чейин социалдык тармактарда 4-класстын окуучусунун калың карды жиреп мектепке баратканы тууралуу видео тараган. Өлкө башчысы видеону көрүп, кичинекей окуучунун билимге болгон умтулуусун жогору баалаган.

Ал Нурзаманды президенттик балатыга чакырган. Кечээ жеке өзү аны кабыл алып, ноутбук жана топ белек кылды. Мындан тышкары, Садыр Жапаров окуучуга өзүнүн уюлдук телефонун да берди.
Мамлекет башчысы бул бала ага өзүнүн бала чагын, алыскы Кең-Суу айылында кар кечип мектепке барган кездерин эске салганын айтты.

Жолугушуунун соңунда президент Нурзаманга чоң ийгиликтерди каалап, алдыда "Акылман" президенттик лицейинде окууга да мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы