Бишкекте мигранттардын финансылык сабаттуулугу тууралуу китептин бет ачары болду

Бишкекте мигранттардын финансылык сабаттуулугу тууралуу китептин бет ачары болду

Эл аралык мигранттар күнүнө карата Улуттук банк жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Эл аралык миграция уюму (ЭМУ) менен биргеликте эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган биргелешкен демилгени сунушташты.

ЭМУнун изилдөөлөрүнө ылайык, акча которуулар мигранттардын үй-бүлөлөрүнүн 41%ы үчүн негизги киреше булагы болуп саналат.
"Оор эмгек менен табылган каражаттар күнүмдүк керектөөлөрдү гана камсыздабастан, мигранттардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн келечектеги каржылык жыргалчылыгы үчүн иштеши маанилүү", — деп белгилешти уюштуруучулар.

Улуттук банктын өкүлдөрү калктын каржылык маданиятын жогорулатуу банктын стратегиялык милдеттеринин бири экенин белгилешти. Жаңы модуль жарандарды акча которууларда банктык каналдарды коопсуз пайдаланууга гана эмес, депозиттер жана аманат эсептери аркылуу "каржылык коопсуздук жаздыгын" (резерв) түзүүгө да үйрөтөт. Бул өз кезегинде каржылык туруктуулукка түздөн-түз таасир этет.

Эмгек министрлигинде миграция тууралуу чечим ойлонулган жана тең салмактуу болушу керек деп эсептешет: адам бардык оң жана терс жактарын алдын ала баалап, бул маселени үй-бүлөсү менен талкуулап, Кыргызстанда калып иштөө мүмкүнчүлүгүн же чет өлкөгө чыгуу вариантын карап көрүшү зарыл.

Каржылык сабаттуулук боюнча модулдар төмөнкүлөргө жардам берет:

  • Чет өлкөгө кетүүгө кеткен реалдуу чыгымдарды эсептеп, жолго чыга электе эле карызга батпоого;
  • Каражат топтоо үчүн ишенимдүү каржылык инструменттерди тандоого;
  • Топтолгон капиталды Кыргызстанда чакан жана орто бизнести ачууга багыттоого.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы