Эс алам десең "Евразия" маданий-эс алуу паркына кел

Эс алам десең "Евразия" маданий-эс алуу паркына кел

Кечээ "Евразия" маданий-эс алуу паркында кышкы сезонду салтанаттуу ачуу аземи болуп өттү. Парктагы майрамдык жасалгалардын негизги элементи –жаңы жылдык балаты болду.

"Евразия" маданий-эс алуу паркынын директору Вячеслав Шариков парк шаар тургундары үчүн маанилүү коомдук мейкиндикке айланганын белгиледи. Ачылгандан бери паркты болжол менен жарым миллионго жакын адам зыярат кылган.

"Биз жылдын каалаган мезгилинде шаар тургундары жана борбордун коноктору тартыла турган мейкиндикти түздүк. “Евразия” паркы — шаардык жашоонун маанилүү бөлүгү, үй-бүлөлүк эс алуу, баарлашуу жана маданий салттар менен таанышуу үчүн ылайыктуу жай", — деп белгиледи Вячеслав Шариков.

Кышкы сезон алкагында паркта ачык асман алдындагы муз аянтчасы иштеп жатат. Парк аймагында 30дан ашуун тематикалык фотозоналар жана арт-инсталляциялар жайгаштырылган, алардын арасында бийиктиги 10 метрди түзгөн Аяз атанын фигурасы да бар.

Балдар үчүн паркта эки Аяз атанын үйү иштеп жатат, анда күн сайын кичинекей коноктор менен жолугушуулар өткөрүлөт. Ошондой эле майрамдык даамдар жана сувенирлер сунушталган "Түндүк жаркыроосу" аттуу кышкы жарманке өз ишин баштады.

"Евразия" паркындагы кышкы программа цирктеги жаңыланган көрсөтүүлөрдү, сахнадагы шоу-программаларды, театралдаштырылган оюн-зоокторду жана жомок каармандарынын катышуусундагы көңүл ачуучу иш-чараларды камтыйт.

Жаш коноктор үчүн чыгармачылык үйлөр иштеп жатат, анда балдар сүрөт тартуу, чопо менен иштөө жана аквагрим боюнча мастер-класстарга катыша алышат. Активдүү эс алууну жактыргандар үчүн адистердин жетекчилиги алдында коньки тебүүнү үйрөткөн "Муз мектеби" долбоору сунушталат. Мындан тышкары, "Улуттук салттар" программасынын алкагында боз үйдө салттуу маданияттын элементтери менен тааныштырып, таанып-билүүчү жана интерактивдүү иш-чаралар өткөрүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Жалал-Абадда 65 жогорку чыңалуудагы подстанция оңдолот

Жалал-Абадда 65 жогорку чыңалуудагы подстанция оңдолот

2026-жылы Кыргызстандагы энергетикалык тутумдун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Жалал-Абад облусунда 65 жогорку чыңалуудагы подстанцияда капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Электр тармактарынын аймактык ишканасы (УЭТКнын филиалы) маалымдады. Оңдоо иштери 35, 110, 220 жана 500 кВ чыңалуудагы объектилерди камтыйт. Жаңылоо иштери облустун дээрлик бардык райондорун жана шаарларын камтыйт. Тактап айтканда, Сузак районунда

Кыргызстандагы камсыздандыруу уюмдарынын кирешеси бир жылда 1 млрд 220 млн сомго жеткен

Кыргызстандагы камсыздандыруу уюмдарынын кирешеси бир жылда 1 млрд 220 млн сомго жеткен

2025-жылы Кыргызстандагы камсыздандыруу уюмдарынын жалпы таза кирешеси 1 млрд 220 млн сомду түзгөнүн Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан берилген отчеттордун негизинде жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөн. 2025-жылдын 31-декабрына карата Кыргызстанда 19 камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму иш жүргүзгөн. Алардын ичинен 14 уюм 100% кыргыз капиталы менен, ал эми беш уюм

Парламентте сүткө туруктуу баа коюу маселеси көтөрүлдү

Парламентте сүткө туруктуу баа коюу маселеси көтөрүлдү

Сүт өндүрүүчү Айгүл Нурумбетова Жогорку Кеңештин каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында кайра иштетүүчү ишканалар сүттү бирдиктүү баа менен кабыл алышын камсыздоону суранды. Сүттүн баасын жөнгө салуу маселеси талкууланган учурда, баа өндүрүүчүлөр жана тиешелүү мамлекеттик органдар кирген комиссия тарабынан продукциянын майлуулугу эске алынып белгиленери айтылды. Ар кайсы

Тамчы айылындагы 1,5 гектарлык унаа короосу  курулуштары менен мамлекетке кайтарылды

Тамчы айылындагы 1,5 гектарлык унаа короосу курулуштары менен мамлекетке кайтарылды

Тамчы айылында жайгашкан Айыл чарба министрлигине караштуу машина короосун мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталганын УКМКнын басма сөз борбору маалымдады. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 2000–2004-жылдары аталган кыймылсыз мүлк милдеттүү конкурс өткөрүлбөстөн үчүнчү жактарга сатылган. Бул Кыргыз Республикасынын "Совхоздорду жана башка мамлекеттик (муниципалдык) айыл чарба ишканаларын мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүүнүн өзгөчөлүктөрү