D Billions командасы маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри тарабынан сыйланды

D Billions командасы маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри тарабынан  сыйланды

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Кыргызстандын креативдүү индустриясын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн D Billions креативдүү командасынын катышуучуларына сыйлыктарды тапшырганын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Сыйлык тапшыруу учурунда министр команда мүчөлөрү менен баарлашып, алардын чыгармачылык ишмердүүлүгүнө жогору баа берип, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

D Billions — балдар үчүн музыкалык жана анимациялык контент жараткан, эл аралык деңгээлде таанылган креативдүү команда. Алардын видеороликтери дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө көрүлүп, миллиондогон көрүүчүлөргө ээ болуп, кыргыз креативдүү индустриясын дүйнөлүк деңгээлде жайылтууга олуттуу салым кошуп келет.

D Billions командасынын так жылдык бюджети ачыкка чыга элек. Бирок YouTube платформасынан түшкөн кирешеге байланыштуу баалоо боюнча айына жүз миңдеген доллардан 1 миллион долларга чейин жетет. Айрым булактарда алардын жалпы байлыгы болжол менен 47,8 млн долларга бааланган.

Ошол эле учурда контентти жаратуучулардын өздөрү бул көрсөткүчтөр ашыра бааланганын белгилешет. Алардын айтымында, мындай айырмачылык чоңдор үчүн жана балдар үчүн арналган контенттин монетизациясы ар башка болгондугуна байланыштуу.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы