Дональд Трамп Түштүк Корея президентине алтын ачкыч белек кылды

Дональд Трамп Түштүк Корея президентине алтын ачкыч белек кылды

АКШ президенти Дональд Трамп Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Менге Ак үйдүн алтын ачкычын белек кылганын Корея Республикасынын президентинин администрациясынын катчылыгынын башчысы Кан Хун Сик Facebook социалдык тармагында билдирди.

Анын айтымында, жакында Дональд Трамп ишеним грамоталарын тапшыруу аземинде Корея Республикасынын Вашингтондогу жаңы элчиси менен баарлашкан.

"АКШ лидери октябрь айында Корея Республикасына жасаган сапары учурунда баалуу белек алганын жана ага жооп катары белек бергиси келгенин айтты. Ак үйдүн алтын ачкычынын беш нускасынын акыркысы биздин президентке ыйгарылды", — деди Кан Хун Сик.

Октябрдын аягында Кёнжуда өткөн саммит учурунда Ли Чжэ Мен Дональд Трампка байыркы корей мамлекети Силланын таажысынын алтын жалатылган көчүрмөсүн белек кылып, ошондой эле өлкөнүн эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы — "Мугунхва" орденин тапшырган.

Кан Хун Сик белгилегендей, бул ачкычтын дизайнынын автору АКШнын президенти өзү болгон. Ли Чжэ Менден тышкары, мындай белек Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга, Япониянын мурдагы премьер-министри Таро Асого, америкалык миллиардер Илон Маскка жана футболчу Криштиану Роналдуга да берилген.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы