Курултайдын 71 катышуучусу Президентти алдаганы анык болду

Курултайдын 71 катышуучусу Президентти алдаганы анык болду

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, IV Элдик курултайдын 71 делегаты аны алдаганын айтты. Өлкө башчысынын айтымында, курултайга келген делегаттардын баары жакында өткөн шайлоого катышканын билдирип, кол көтөрүшкөн.

"...Буга чейин делегаттардын бири тарабынан шайлоого байланыштуу суроолор берилген эле. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланышкан маселелерге токтолуп, добуш берүүгө жарандарыбыз активдүү катышпай жатканын да өкүнүч менен белгиледим.

Ошону менен катар залга кайрылып, делегаттардын кимиси акыркы шайлоого барганын сурап, баргандары колун көтөрүүсүн өтүндүм. Баардыгы толук кол көтөрүштү. Бул түз эфирде да көрсөтүлдү. Камералар тартып атканын да алдын ала эскерткем.

Мени таң калтырганы жана бир аз капа кылганы өз аймактарынан шайланып келген делегаттардын айрымдарынын эч ойлонбостон туруп алдашканы болду. Борбордук шайлоо комиссиясы IV Элдик курултайдын 71 делегаты шайлоого барбаганын тактап берди. Эми аларды уят кылып аты-жөндөрүн ачыктабай эле коеюн. Ар бири өздөрү деле билишет", - деп жазды ал.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы