Дүйнөлүк күрөш уюму Айпери Медет кызына 554 миң акчалай сыйлык берет

Дүйнөлүк күрөш уюму Айпери Медет кызына 554 миң акчалай сыйлык берет

Дүйнөлүк күрөш уюму (United World Wrestling — UWW) 2025-жылдагы дүйнө жана континенттик чемпионаттардагы, ошондой эле төрт рейтингдик мелдештеги жыйынтыктарга ылайык эң мыкты балбандардын рейтингин жарыялады.

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы аялдар күрөшү боюнча 76 килограммга чейинки салмак категориясында жыйынтык рейтингде 1-орунду ээледи.

2025-жылы Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында күмүш медаль утуп, Азия чемпиону болду. Мындан тышкары, Албанияда өткөн рейтингдик турнирде да күмүш медалга татыды.

Бул жетишкендиктердин негизинде ал 58 600 упай топтоп, өз салмак категориясында рейтингдин сап башына чыкты.

UWW уюмунун маалыматына ылайык, эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана аялдар күрөшү боюнча ар бир он салмак категориясында рейтингдин жеңүүчүлөрү 5 миң швейцариялык франк өлчөмүндө (болжол менен 554 миң сом) акчалай сыйлык менен сыйланышат.

Белгилей кетсек, 22-декабрда Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында ээлеген экинчи орду үчүн мамлекеттен 750 миң сом өлчөмүндө бир жолку сый акы алган. Ал эми 25-декабрда алдыңкы спортчуларды колдоо алкагында Президент Садыр Жапаровдун атынан балбанга үч бөлмөлүү батир белекке берилди.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы