Манас районунда 1 тоннадан аша турган уйларды өстүрүүчү кооператив ачылды

Манас районунда 1 тоннадан аша турган уйларды өстүрүүчү кооператив ачылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Манас районунда 48 кооператив ийгиликтүү иш алып барып, эт жана сүт багытындагы асыл-тукум мал жандыктарын багып жатышканын билдирди.

Алардын катарына жаңыдан түзүлгөн "Ногойбай ата" кооперативи да кошулду. Кооператив аулиеколь породасындагы уйларды өстүрүүгө адистешкен. Бул порода суукка чыдамкайлыгы жана эт продукциясынын жогорку көрсөткүчү менен айырмаланат. Тактап айтканда, 10 айлык торпоктордун салмагы 500 килограммдан ашса, 2 жаштан жогору уйлардын тирүү салмагы 1 тоннадан ашык болот.

Министр Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасына ылайык, мал чарбачылыгында сандан сапатка өтүү саясатынын алкагында дыйкан-фермерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүлүүдө. Мунун алкагында Манас районунда эле өткөн жылы 8 жаңы кооператив түзүлгөн.

Ошондой эле 2025-жылы Манас району боюнча 2 асыл-тукум чарбасы аттестациядан ийгиликтүү өттү. Алардын бири эт багытындагы абердин-ангус породасындагы уй чарбасы болсо, экинчиси сүт багытындагы голштино-фриз породасындагы чарба болуп саналат.

Асыл-тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү аймактагы эт жана сүт продукциясынын көлөмүн көбөйтүүгө, фермерлердин кирешесин жогорулатууга жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого өбөлгө түзүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media