Тоголок Молдо айылында фермер төөлөрдүн санын көбөйтүп жатат

Тоголок Молдо айылында фермер төөлөрдүн санын көбөйтүп жатат

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айылынын тургуну Бото Күрөңкеев төө багуу менен алектенип жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.

"Анын атасы 1980-жылдардан тартып төө багуу менен алектенип келген, бүгүнкү күндө бул ишти анын уулу Бото Күрөңкеев улантууда. Төө багуу — эмгекти көп талап кылган иш, бирок бул жаныбарлар кыргыз тоолорунун шарттарына өзгөчө жакшы ылайыкташкан. Алар 40 күнгө чейин суусуз чыдай алышат, −40 градуска чейинки суукка жана +50 градуска чейинки ысыкка туруштук берет. Мындан тышкары, төөлөр жыл бою эт жана сүт берип, чарбада пайдалануу үчүн баалуу болуп эсептелет", — деп айтылат билдирүүдө.

Фермер төө чарбачылыгын өнүктүрүү максатында жаныбарларды Нарын облусу менен гана чектелбестен, башка аймактарга да жайылтып, алардын санын көбөйтүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Бул демилге өлкөдө дээрлик унутта калган төө чарбачылыгын кайра жандандырууга жана мал чарбачылыгы тармагын диверсификациялоого өбөлгө түзөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Кызыктуу

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кол өнөрчүлөргө салык салуу жана ишкердикти каттоо өзгөчөлүктөрү түшүндүрүлдү

Ошто "акылдуу" аялдамаларды куруу боюнча аукцион жарыяланды

Кыргызстан менен Сейшел аралдарынын ортосунда визасыз режим киргизилет

Өлкөдө бир жумада 21 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды

Котловандан батирлерин жарнамалаган компаниянын иши токтотулду