Бишкектеги 13 сейил бактагы соода орундары ижарага берилет

Бишкектеги 13 сейил бактагы соода орундары ижарага берилет

Бишкектеги 13 сейил бакта жайгашкан 36 соода орду ижарага берилерин мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарандардан арыздар эртеңден тарта кабыл алына баштайт. Ижарага ала турган орундарда балмуздак, суусундук, кофе, попкорн, таттуулар, балдар оюнчуктары, китептер сатылып, велосипед, балдар унааларын жана каркастуу батуттарды ижарага берүү каралган.

Муниципалдык мүлк боюнча комиссиянын чечими боюнча, бир жаран бир соода орду үчүн арыз тапшырууга укуктуу. Ижара акысы бир жылдык мөөнөткө толук төлөнүшү зарыл. Анын өлчөмү комиссия тарабынан белгиленет.

Ижарага берүү боюнча арыздар Шевченко көчөсү, 25 (бирдиктүү терезе) дарегинде кабыл алынат. Кошумча маалымат алуу үчүн: 0 312 97 91 95 телефонуна кайрылуу

Мындан тышкары окуңуз

Үрөнчүлүк чарбалар үчүн дотация алуу онлайн жүргүзүлөт

Үрөнчүлүк чарбалар үчүн дотация алуу онлайн жүргүзүлөт

Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинде Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотацияларды берүүнүн автоматташтырылган маалыматтык системасы — АМС "Дотация" иштелип чыкты. Системаны Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "АгроСмарт" мамлекеттик мекемеси түздү. Ведомствонун маалыматына ылайык, AMS "Дотация" дотацияларды алуу

Кадамжай районунда 20 гектар жер жайыт жер иштетүүгө берилди

Кадамжай районунда 20 гектар жер жайыт жер иштетүүгө берилди

Кадамжай районунун Молдо Нияз айыл аймагынын Кыргыз-Кыштак айылында Т. Жалиловго айыл чарба багытындагы асылдуулугу төмөн жайыт жерлерден МинКабдын 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтомуна ылайык, 20 га жер аянты бак тигүү үчүн берилди. Жер жайыт түрүнөн көп жылдык бактар жер аянтына которулуп 19 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилген. Учурда пайдаланууга берилген жердин

ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонуу менен жүк ташууларга байкоо жүргүзүү башталды

ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонуу менен жүк ташууларга байкоо жүргүзүү башталды

11-февралдан баштап Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттерде навигациялык пломбаларды колдонуу менен жүктөрдү ташууга байкоо жүргүзүү механизми иштей баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик Бажы кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жаңы талаптар, ЕАЭБде жүктөргө байкоо жүргүзүү үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө Макулдашууга ылайык, эки же андан ашык ЕАЭБге кирген мүчө-мамлекеттердин аймагы аркылуу өтүүчү ташууларга

Кыргызстандагы 220 кластердик мектеп заманбап STEM жабдуулар менен камсыздалды

Кыргызстандагы 220 кластердик мектеп заманбап STEM жабдуулар менен камсыздалды

Кыргызстанда 220 кластердик мектеп STEM-класстар үчүн заманбап окуу-лабораториялык жабдуулар жана практикага багытталган, санариптик окутууну камсыздаган маалыматтык-коммуникациялык каражаттар менен камсыздалганын Агартуу министрлигинен билдирди. Жабдууларды жеткирүү өлкөдө билим берүү тутумун масштабдуу түрдө трансформациялоого, анын ичинде мектептерде STEM-предметтерин чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган "Алтын казык" мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлдү. Лаборатори