Кыргызстандагы 220 кластердик мектеп заманбап STEM жабдуулар менен камсыздалды

Кыргызстандагы 220 кластердик мектеп заманбап STEM жабдуулар менен камсыздалды

Кыргызстанда 220 кластердик мектеп STEM-класстар үчүн заманбап окуу-лабораториялык жабдуулар жана практикага багытталган, санариптик окутууну камсыздаган маалыматтык-коммуникациялык каражаттар менен камсыздалганын Агартуу министрлигинен билдирди.

Жабдууларды жеткирүү өлкөдө билим берүү тутумун масштабдуу түрдө трансформациялоого, анын ичинде мектептерде STEM-предметтерин чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган "Алтын казык" мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлдү.

Лабораториялык жабдуулар ар түрдүүлүгү менен айырмаланып, окуу процессинде ар кыл багыттагы тапшырмаларды аткарууга мүмкүнчүлүк түзөт. Жалпысынан 220 кластердик мектепке 5 500 комплект лабораториялык жабдуу, 220 интерактивдүү панель жана ошончо сандагы ноутбук жеткирилди.

Мындан тышкары окуңуз

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI туруктуу өнүгүү боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык S&P Global Corporate Sustainability Assessment (CSA) баалоосунун жыйынтыгын жарыялайт. 2026-жылдын 6-октябрында расмий берилген баалоонун жыйынтыгы боюнча Банк мүмкүн болгон 100 упайдын ичинен 71 упай алды. Бул 2025-жылдагы көрсөткүчтөн 14 упайга жогору. S&P Global CSA

Ишкер Media
Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын Социалдык фонду 39 261 пенсиялык ишти кароого алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, сентябрь айында 2 759 жаранга пенсия жаңыдан чектелген. Ошондой эле 596 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелген. Кайра эсептөө эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгына байланыштуу кошумча

Ишкер Media
Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Армениянын Ереван шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 76-отуруму жана “Статистикадагы жаңы усулдар жана технологиялар” аттуу IV эл аралык статистикалык форум өттү. Иш-чараларга Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов катышты. Улуттук сатитстика комитетинин маалыматына караганда, иш-чаранын жүрүшүндө статистикалык маалыматтарды даярдоодо мамлекеттик маалымат тутумдарындагы маалыматтарды

Ишкер Media
12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу айрым көчөлөрдө жана конуштарда электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. “Улуттук электр тармактары” ААКтын Бишкек электр тармактары ишканасынын маалыматына ылайык, иштер Чыгыш, Батыш, Түндүк жана Аламүдүн райондук электр тармактары тарабынан жүргүзүлөт.

Ишкер Media