АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда коллекциялык Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды. Бул сейрек Пикачу Illustrator картасы 1998-жылы Pokémon сүрөт конкурсу үчүн жасалган 39 экземплярдын бири. Бул аукциондо сатылган эң кымбат коллекциялык карта болуп калды.

Беш жыл мурун америкалык рестлер жана YouTube блогери Логан Пол аны 5,275 млн долларга сатып алып, дүйнөлүк рекорд орноткон. Азыр ал картаны 16,492 млн долларга саткан жана ал абдан пайдалуу инвестиция болуп калды.

Аукцион Goldin платформасында өтүп, 42 күнгө созулду жана 16-февралда аяктады. Торгдор аягында баа 6,882 млн доллар деңгээлинде болуп, бирок узартылган убакытта жаңы сунуштар келип, жалпы сумма рекорддук деңгээлге жетти.

Торгдор аяктагандан кийин Guinness World Records өкүлү экранда чыгып, бул аукциондо сатылган эң кымбат коллекциялык карта экенин тастыктады.

Аукцион жеңүүчүсү венчурдук инвестор Эй Джей Скарамуччи — Ак үйдүн мурдагы коммуникациялык директору жана финансист Энтони Скарамуччидин уулу.

Эй Джей Скарамуччи өзүнүн планында "планетардык кымбат баалуу заттарга аңчылык кылуу" жана "коллекцияланбаган нерселерди чогултуу" бар экенин айтып, бул ишти эми гана баштап жатканын билдирди. Ал Пикачу картасын сатып алгандан кийин келечекте рекс тираннозаврынын ташка айланган скелетин жана АКШнын Эгемендик Декларациясын алуу ниетинде экенин кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан аялдардын ден соолугу үчүн 18,4 млн сомдук дары алды

Кыргызстан аялдардын ден соолугу үчүн 18,4 млн сомдук дары алды

Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун Калк фондусу (ЮНФПА) тарабынан берилген мисопростол дары каражатын алды. Бул жардам энелердин ден соолугун коргоо системасын чыңдоого, ошондой эле аялдар үчүн сапаттуу медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Гуманитардык жардамдын жалпы көлөмү: * 350 миң таңгак (ар биринде 4 таблеткадан) * жалпы суммасы 18,4 млн сом Мисопростол маанилүү

Былтыр прокуратура мамлекеттик бюджетке 67,9 млрд сом кайтарды

Былтыр прокуратура мамлекеттик бюджетке 67,9 млрд сом кайтарды

Аяктаган кылмыш иштери жана соттук териштирүүдөн баш тартылган иштерден келтирилген зыяндын жалпы суммасы 70 млрд 680 млн сомду түзгөнүн башкы прокурор Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, бардык каражаттар толугу менен мамлекеттик бюджетке кайтарылды. "Кайтарылган каражаттын анча чоң эмес бөлүгү улуттук коопсуздук органдары тарабынан иликтенген иштерге

"Менин шаарым" тиркемесинде эми эвакуацияланган автоунааны табууга болот

"Менин шаарым" тиркемесинде эми эвакуацияланган автоунааны табууга болот

"Менин шаарым" мобилдик тиркемеси аркылуу айдоочулар туура эмес жерге токтотулуп, эвакуацияланган автоунаасынын жайгашкан жерин реалдуу убакыт режиминде билишерин Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Тиркеме аркылуу төмөнкү мүмкүнчүлүктөр бар: * автоунааны тез табуу; * атайын айып токтотмо жайынын дарегин картадан көрүү; * эвакуация кызматынын байланыш маалыматтарын алуу. Автоунаанын

Бишкек ЭЭЗинде декларациялык жалган маалыматтар аныкталды

Бишкек ЭЭЗинде декларациялык жалган маалыматтар аныкталды

Кытайдан товарларды ташып келүүдө бажы мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталганын Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты. Жеке ишкана Бишкек ЭЭЗдин “Ак-Чий” тилкесине Кытайдан товарларды ташып келүү учурунда декларацияда жалган маалыматтарды көрсөткөн. Бажылык текшерүүдө жүктүн кошумча документтеринде көрсөтүлбөгөн товарлар, анын ичинде аккумулятордук батарейкалар, электроскутерлер үчүн генераторлор жана чынжырлуу дөңгөлөктөр табылган. Ошондой эле декларацияланган товарлардын