Швеция санариптик каражаттардан кайра салттуу окутуу ыкмаларына өтө баштады

Швеция санариптик каражаттардан кайра салттуу окутуу ыкмаларына өтө баштады

Швецияда мектептер санариптик каражаттарды ашыкча колдонуу практикасын кыскартып, салттуу окутуу ыкмаларына кайта баштаганын Kazinform жазып чыкты.

Мындай чечим iPad жана ноутбуктарды активдүү пайдаланууда окуучулардын окуу деңгээли начарлап кеткендиктен кабыл алынган.

Эми мектептерде басма окуу китептерине, кол менен жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө басым жасалып жатат. Адистердин айтымында, бул ыкма окуу сабаттуулугун жогорулатууга жардам берүүдө.

Айрым мугалимдер окуучулар өздөрү кагаз китептерди жана басма материалдарды көбүрөөк сурай баштаганын белгилешет. Алардын пикиринде, кагаз бетиндеги маалымат тезирээк сиңет жана жакшыраак эсте калат.

Муну менен технологиялардан толук баш тартылбайт. Бирок өкмөт китепканалар үчүн жана мектептер үчүн басма окуу китептерин сатып алууга миллиондогон каражат бөлүп жатат.

2000-2010-жылдары швед мектептеринде кагаз китептердин ордун ноутбуктар жана планшеттер ээлеп, билим берүү санарип форматка өткөн. Максат - окуучуларды санариптик дүйнөгө даярдоо болгон. Бирок жыйынтыгында өлкөдөгү сабаттуулук көрсөткүчү төмөндөй баштаган.
2012-жылы өткөн PISA эл аралык тестинин жыйынтыгында Швеция окуучулары буга чейинки жылдарга караганда эң начар жыйынтык көрсөтүшкөн.

Учурда абал кайра жакшыра баштады. Өлкөдө 10 жаштагы балдар үчүн улуттук окуу сынагы башталып, эң көп китеп окуган класстар сыйлыктарга ээ болот.

Өкмөттүн билдирүүсүнө ылайык, санариптик куралдар окуучунун билим алуусуна тоскоол болбостон, тескерисинче пайда алып келген учурда гана колдонулушу керек.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Быйыл "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы борбор калаанын ар кайсы аймактарына 230 миңден ашык жоогазын отургузду. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, гүлдөр Эмен паркына, Дене тарбия гүл бакчасына, филармониянын аймагына, ошондой эле «Ынтымак-1» жана «Ынтымак-2» парктарына жана башка борбордук жайларга тигилип, шаарга өзгөчө көрк кошту. Жоогазындардын түрлөрү менен түстөрүнүн

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде айыл чарба продукциясын Кытай Эл Республикасы жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнө экспорттоо маселелерине арналган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө ата мекендик ишканаларды Кытайдын CIFER системасына жана Европалык Биримдиктин REX системасына каттоо маселелери талкууланып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкек шаарындагы Широкая көчөсүнүн Новосельская көчөсүнөн Керамическая көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында ишке ашырылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан бордюрларды орнотуу, тротуарларды куруу жана ирригациялык тармакты монтаждоо иштери аткарылууда. Адистер

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында ири тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата дарыянын нугунан жалпысынан 316 985 куб метр таштанды чыгарылды. Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бардык зарыл күч-каражаттар жана атайын техникалар толук көлөмдө тартылган. Иш-чаралар дарыянын