Ким Чен Ын кызы Ким Чжу Эни өлкөнүн Башкы ракеталык башкармалыгынын жетекчиси кылып дайындады

Ким Чен Ын кызы Ким Чжу Эни өлкөнүн Башкы ракеталык башкармалыгынын жетекчиси кылып дайындады

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын кызы Ким Чжу Эни өлкөнүн Башкы ракеталык башкармалыгынын жетекчиси кылып дайындаганын The Chosun Daily басылмасы жогорку кызматтагы аткаминерге таянып жазганын "Азаттык" жарыялады.

2023-жылдан бери бул кызматты мурда Улуттук коргонуу академиясын жетектеген Чан Чхан Ха аркалаганы расмий айтылып келген.  

The Korea Timefuf басылмасы Түштүк Кореянын Биригүү министрлигинин өкүлүнө таянып жазгандай, Башкы ракеталык башкармалык Түндүк Кореянын өзөктүк программасын өнүктүрүүгө жооп берет. Болжол менен бул түзүм 2016-жылы түзүлгөн.

The Chosun Daily басылмасынын маалыматына караганда, Ким Чен Ын кызына бул кызматты куралдуу күчтөрдү ыкчам көзөмөлдөөнү камсыз кылуу үчүн берген. Басылма анын буга чейин эле генералдардан отчет алып, буйруктарды берип жатканын жазат.

Болжол менен 13 жаштагы Ким Чжу Э Ким Чен Ындын расмий түрдө белгилүү жалгыз баласы. Ал тууралуу алгач 2013-жылы америкалык баскетболчу Деннис Родман Пхеньянга барып келгенден кийин жазган.

Өлкө лидери кызын расмий иш-чараларга, анын ичинде өзөктүк жана ракеталык полигондорго ээрчитип жүрөт. Түштүк Кореянын Улуттук чалгын кызматы Ким Чен Ын аны мураскери катары даярдап жатат деп эсептейт.

Мындан тышкары окуңуз

"Дордойду" заманбап соода борборуна айлантуу сунушумду айткам – С.Жапаров

"Дордойду" заманбап соода борборуна айлантуу сунушумду айткам – С.Жапаров

Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү ири базарларды жаңылоо маселеси боюнча пикирин билдирди. Ал буга чейин берилген убадаларга карабастан, "Дордой" базары азыркыга чейин заманбап соода борборуна айланбаганын сынга алды. Президент эскерткендей, ал кызматка келгенден бери контейнердик соода форматынан баш тартуу тапшырмасын койгон. Анын планы боюнча Дордой базары, Ош базары жана

Нарын районунда муниципалдык логистикалык борбор курулат

Нарын районунда муниципалдык логистикалык борбор курулат

Президент  Садыр Жапаров колдоосу менен Нарын районунда жаңы муниципалдык логистикалык борбордун курулушу башталарын Нарын облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, борбор облустагы айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн продукцияларын — жашылча-жемиштерди, этти, картошканы жана башка товарларды сактоо, ташуу жана сорттоо үчүн кызмат кылат. Жаңы инфраструктура ыңгайлуу шарттарды түзүп, продукциянын сапатын жакшы сактоого

Улуттук банк 2025-жылдын IV чейрегинде банктарга карата бир катар чара колдонду

Улуттук банк 2025-жылдын IV чейрегинде банктарга карата бир катар чара колдонду

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын төртүнчү чейрегинде коммерциялык банктардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө алкагында бир катар эскертүү чараларын жана санкцияларды колдонгон. Бул тууралуу жөнгө салуучу органдын тийиштүү отчетунда маалымдалган. Берилген маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде банктарга карата 1 эскертүү жөнөтүлүп, 1 жазма буйрук берилген. Ошондой эле мыйзам талаптарын бузган учурлар үчүн 1 айыптык

Корумду – Балбай Баатыр жолунда 27,3 чакырымга жогорку катмар төшөлдү

Корумду – Балбай Баатыр жолунда 27,3 чакырымга жогорку катмар төшөлдү

Жалпы узундугу 79,3 чакырымды түзгөн Корумду – Балбай Баатыр стратегиялык унаа жолун реконструкциялоо иштери бекитилген планга ылайык уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Учурда асфальт-бетондун төмөнкү катмары толук төшөлүп бүттү. Мындан тышкары, 27,3 чакырым аралыкка жолдун жогорку бышык катмары (ЩМА) басылды. Инфраструктураны жакшыртуу алкагында 14 көпүрөнүн жана