Кытайда 0,6 секундада 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкты
Кытайда бир заматта 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкканын South China Morning Post жазды.
Жаңы ыкма Цинхуа университетинин окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан. Ал салттуу катмар-катмар басып чыгаруу ыкмасына эмес, таптакыр жаңы — голографиялык проекция технологиясына негизделген.
Бул система тунук идишке жайгаштырылган басып чыгаруу материалын көз ирмемде катуу түзүлүшкө айлантат.
Миллиметр өлчөмүндөгү үч өлчөмдүү объекттерди түзүү болгону 0,6 секундду талап кылат. Бул дүйнөдөгү эң ылдам 3D-басып чыгаруу технологиясы болуп саналат.