Кыргызстанга 4 миллиондон ашык гүл алып келинди
8-Март майрамынын алдында Кыргызстанга 4 миллиондон ашык гүл импорттолгонун Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жазгы майрамдардын алдында жаңы үзүлгөн гүлдөрдүн импорту салттуу түрдө сезондук өсүштү көрсөтөт. Февраль айынын башынан бери Кыргызстанга 4,07 млн даана жаңы гүл алып келинген. Январь айына салыштырмалуу жеткирүүлөрдүн көлөмү 31%га көбөйгөн.
Негизги жеткирүүчү өлкөлөр — Кения, Кытай, Эквадор, Нидерланды жана Колумбия.
Эң көп суроо-талапка ээ болгон гүлдөр — роза, гвоздика, орхидея, хризантема жана лилия. Импорттолгон гүлдөрдүн ичинен розалар алдыда — 3,56 млн даана.