Кытай 1110 миллиардери менен кайрадан дүйнөдөгү эң бай өлкө болду

Кытай 1110 миллиардери менен кайрадан дүйнөдөгү эң бай өлкө болду

Кытай кайрадан дүйнөдөгү миллиардерлери көп өлкө болгонун South China Morning Post басылмасына таянып, Kazinform билдирди.

Hurun Global Rich List рейтингине ылайык, Кытайда миллиардерлердин саны 1110 адамга жетти. Бул дүйнө боюнча катталган 4020 миллиардердин эң чоң үлүшү болуп саналат. Бир жыл ичинде өлкөдө алардын саны 287 адамга көбөйгөн.

Адистер мунун негизги себеби - фондулук рыноктун өсүшү жана жасалма интеллект технологияларынын тез өнүгүшү менен байланыштырышат.

Жаңы миллиардерлердин катарына технология тармагында иштеген ишкерлер да кошулган. Алардын арасында MiniMax компаниясынын негиздөөчүсү Ян Цзунце бар. Анын байлыгы 3,6 млрд доллар деп бааланууда. Андан кийин 1,2 млрд доллар байлыгы менен Knowledge Atlas Technology (Zhipu) компаниясынын жетекчилеринин бири Лю Дэбин турат.

Жалпысынан дүйнөдө жасалма интеллект тармагына байланышкан 114 миллиардер бар. Алардын 46сы быйылкы рейтингге биринчи жолу кирген.

Дүйнөдөгү эң бай адамдардын алдыңкы үчтүгүнө Илон Маск, Жефф Безос жана Ларри Пейж кирет. Биринчи орунда Илон Маск турат, анын байлыгы 792 млрд доллар деп бааланат. Экинчи орунда 300 млрд долларлык байлыгы менен Жефф Безос. Ал эми үчүнчү орунда 281 млрд доллар байлыгы менен Ларри Пейж турат.

Белгилей кетсек, Илон Маск тарыхта байлыгы 700 млрд доллардан ашкан биринчи адам болду.

Ал эми шаарлар боюнча алып караганда, миллиардерлер эң көп жашаган шаар – бул Нью-Йорк. Бул шаарда 146 миллиардер бар. Андан кийинки орундарда Шенжен, Шанхай, Пекин жана Лондон турат.

Дүйнөдөгү миллиардерлердин орточо жашы 65 жаш деп эсептелет.

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн жалпы 3,4 млрд доллар которулган

Былтыр Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн жалпы 3,4 млрд доллар которулган

2025-жылдын жыйынтыгы менен өлкөгө келген акча которуулардын жалпы көлөмү 3 млрд 491,2 млн долларды түзгөнүн Улуттук банктан билдиришти. Которуулардын негизги бөлүгү – 3 млрд 293,1 млн доллары КМШ өлкөлөрүнөн келген. Анын ичинен Россия акча которуулардын көлөмү боюнча лидер бойдон калууда. Ал жактан 3 млрд 231,8 млн доллар, ал

Кыргызстан эки айда 213 745 гүл экспорттоду

Кыргызстан эки айда 213 745 гүл экспорттоду

Кыргызстанда өстүрүлгөн гүлдөр жергиликтүү базарга гана эмес, чет өлкөгө да сатылууда деп кабарлады Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Кыргызстандан гүлдөр негизинен Россия, Казакстан, Өзбекстан, Армения жана башка мамлекеттерге экспорттолот. * 2024-жылы чет өлкөгө 13 049 405 гүл жөнөтүлгөн * 2025-жылы — 24

Жайытты мыйзамсыз тосуп алган жаранга 32 716 сом айып пул салынды

Жайытты мыйзамсыз тосуп алган жаранга 32 716 сом айып пул салынды

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан Өзгөн районунун Жазы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Тоо айылында жергиликтүү эки жаран жайыт жерин мыйзамсыз тосуп алгандыгы аныкталган. Аталган факты боюнча тиешелүү акт түзүлүп, Ү.С. жана Ш.Н. аттуу жарандарга Укук бузуулар кодексинин 239-беренесинин негизинде

Бишкекте алдамчылык жол менен 22 млн сомдон ашык акча өндүргөн шектүүлөр кармалды

Бишкекте алдамчылык жол менен 22 млн сомдон ашык акча өндүргөн шектүүлөр кармалды

Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына 1948-жылы туулган жаран Ч.Г. арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Шектүүлөр өздөрүн УКМКнын, ИИМдин жана Улуттук банктын кызматкерлери катары тааныштырып, алдоо жолу менен ишенимге киришкен. Бишкек шаарынын ИИББнын басма сөз кызматынан маалымдагандай, алдоо жолу менен кылмышкерлер жабырлануучуну банкомат аркылуу