Японияда геймерлер үчүн жатып алып ойноого ыңгайлуу керебет сатыкка чыкты
Японияда эргономикалык эмерек чыгарган Bauhutte компаниясы кеңейтилген функциялары жана модулдук түзүлүшү бар Electric Gaming Bed 2 аттуу геймерлер үчүн атайын керебетти сунуштаганын PC Gamer басылмасы жазды.
Биринчи моделге салыштырмалуу негизги жаңылык — бир нече мотор менен башкарылган бөлүктөрдөн турган трансформациялануучу түзүлүшү. Мурунку версиядан айырмаланып, конструкция үч өз алдынча блокко бөлүнгөн, бул аны ташуу жана орнотууну жеңилдетет, айрыкча жашоо аянты тар болгон шарттарда.
Ошондой эле керебетте матрастын жылып кетишин алдын алган бекитүүчү планка бар. Иштеп чыгуучулардын айтымында, бул продукт видеоюндарды көп убакыт ойноого көнгөн колдонуучулар үчүн арналган. Ал эс алууну, контент көрүүнү жана тамактанууну керебеттен турбай эле айкалыштырууга мүмкүндүк берет.
Electric Gaming Bed 2 керебетинин Япониядагы баасы 70 миң 400 иенди түзөт.