Бишкекте 7-класстын окуучусу Си программалоо тилинин кыргызча адаптациясын сунуштаганын
Бишкек шаарында 7-класстын окуучусу, 14 жаштагы Давид Пузиков өзүнүн Kyrgyz-C деп аталган Си программалоо тилинин кыргызча адаптациясын сунуштаганын "kaktusmedia" жазды.
Автордун айтымында, бул долбоор англис тилин жетиштүү деңгээлде билбеген окуучулар үчүн программалоону үйрөнүүнү жеңилдетүүгө багытталган. Kyrgyz-C — бул Си тилинин негизги ачкыч сөздөрүн кыргызчага которуу менен, тилдин логикасын сактап калган система.
"Биздин өлкөдө көп балдар англис тилин жакшы билбегендиктен программалоону үйрөнүүдө кыйынчылыкка туш болушат. Мен ар бир окуучу логиканы өз эне тилинде үйрөнө алышын каалайм", — деди жаш иштеп чыгуучу.
Чечимдин негизинде препроцессор колдонулат: англисче ачкыч сөздөр кыргызчага алмаштырылат. Мисалы:
- if ордуна — "эгерде"
- int ордуна — "бүтүн"
- while ордуна — "кайтала"

Автор белгилегендей, сөз таза Си тили тууралуу болуп жатат, объектке багытталган кеңейтүүлөрсүз. Kyrgyz-C стандарттык компиляторлор менен, мисалы gcc аркылуу компиляцияланат.
"Мен код жазууну 4–5-класстарда эле баштагам. Башында HTMLди сынап көрдүм, андан кийин өз алдымча Python үйрөндүм. Кийин Linux орнотуп, Си тилин жана Bashти өздөштүрө баштадым", — деп бөлүштү Давид.
Долбоор азыр 0.4 версиясында. Жаш иштеп чыгуучу аны эркин колдонуу үчүн жарыялап, мындан ары дагы өнүктүрүүнү пландап жатат. Иштеп чыгуу BlackArch Linux чөйрөсүндө сыноодон өткөн.