Ташкент облусунда жасалма жамгыр жаадырылат
Ташкент шаарында жана Ташкент облусунда абанын сапатын жакшыртуу максатында жасалма жамгыр технологиясы колдонула баштарын Kazinform маалымдайт.
Маалыматта белгиленгендей, аталган технология эл аралык тажрыйбаларды эске алуу менен этап-этабы менен ишке ашырылат. Анын алкагында 2027-жылдын 1-октябрына чейин Ташкент шаарында жана облусунда нымдуулугу төмөн аймактарга жасалма жамгыр чакыруучу керектүү жабдуулар орнотулат.
Долбоордун максаты жаан-чачындын көлөмүн табигый деңгээлге салыштырмалуу 10–20%га көбөйтүү. Жасалма жамгыр технологиясы абадагы чаңды жана зыяндуу бөлүкчөлөрдү азайтып, абанын сапатын убактылуу жакшыртат. Мындан тышкары, ал кургакчылык жана аптаптуу аба ырайы шартында айлана-чөйрөнүн нымдуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтөрү күтүлүүдө.
Буга чейин Иранда да кургакчылык учурунда жасалма жамгыр жаадыруу иштери башталган.