Тогуз-Тородо арашан кочкорлорунун көргөзмөсү өттү
Тогуз-Торо районунда Арашан породасындагы асыл тукум кочкорлордун көргөзмөсү өткөрүлгөнүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага райондун алдыңкы малчы, фермер жана тармактын адистери катышкан.


Көргөзмөдө кочкорлордун салмагы, асыл тукумдуулук өзгөчөлүктөрү жана сырткы көрүнүшү кылдат бааланды. Катышуучулар өз ара тажрыйба алмашып, асыл тукум мал өстүрүүдөгү жаңы ыкмалар менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен катышуучулар райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.