"Менин шаарым" тиркемесинде эми эвакуацияланган автоунааны табууга болот
"Менин шаарым" мобилдик тиркемеси аркылуу айдоочулар туура эмес жерге токтотулуп, эвакуацияланган автоунаасынын жайгашкан жерин реалдуу убакыт режиминде билишерин Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Тиркеме аркылуу төмөнкү мүмкүнчүлүктөр бар:
- автоунааны тез табуу;
- атайын айып токтотмо жайынын дарегин картадан көрүү;
- эвакуация кызматынын байланыш маалыматтарын алуу.
Автоунаанын жайгашкан жерин билүү үчүн "Эвакуация" бөлүмүнө кирип, мамлекеттик номерин киргизүү керек — система унаанын учурдагы жайгашкан жерин жана токтотмо жайын көрсөтөт.
Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгы айдоочуларды унааларын тыюу салынган белгилердин астына жана туура эмес жерлерге токтотпоого чакырат. Бул эвакуациядан сактанууга жардам берет.