Ноокен районунда кулпунай бышып, сатыкка чыкты
Ноокен районунда кулпунай бышып, сатыкка чыкканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Эргеш Алиев айыл аймагынын тургуну былтыр сентябрь айында 1,40 гектар жерге 74 миң даана клери сортундагы кулпунай тиккен.
Дыйкан сууну үнөмдөө максатында тамчылатып сугаруу системасын колдонгон. Ал кулпунай терүүгө айылдаштарын тартып, жергиликтүү тургундарды дагы жумуш менен камсыз кылууда.
Министрликтен белгилешкендей, учурда Ноокен районунун аймагында жазгы талаа иштери кызуу жүрүүдө. Ички арык, каналдар тазаланып, сугат мезгилине даярдыктар көрүлүүдө.