Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары Батай деп аталды
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары болгон ак илбирске Батай деген ысым берилгенин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Батай ысымы терең маанини билдирет.
“Ба” – “барс” сөзүнөн алынган, күч, эркиндик жана ички кубатты түшүндүрөт. Тумар дал ушул кар барсынын образын жаратат.
“Тай” – “таяныч” сөзүнүн кыскартылган түрү. Бул ички өзөк, тең салмак жана тамыр менен байланышты туюндурат.
Мындан улам Батай күч жана таянычты бириктирүү менен алдыга умтулууну билдирет.
Катчылыктан белгилешкендей, ак илбирс Кыргызстандын жаратылышы, анын ландшафты, мүнөзү жана маданий коду менен тыгыз байланышта. Оюндардын алкагында ал күчтү, кадыр-баркты, урматтоону жана ички тең салмактуулукту символдоштурат. Бул сапаттар спортко да, көчмөн маданиятынын философиясына да мүнөздүү.