акыркы жаңылыктар

ККМди жеткирүүчү эки компанияга кылмыш иши козголду – Салык кызматы

ККМди жеткирүүчү эки компанияга кылмыш иши козголду – Салык кызматы

Кассалык машиналарды (ККМ) ташып келүүчү «Урматтуу» жана «Мастерид» компанияларына жең ичинен макулдашкан деген шек менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдувапов Жогорку Кеңештин «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында билдиргенин Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады. Министрлер кабинетинин «ККМ машиналарын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомунун

Кыргызстандыктар быйыл Ноорузда эң көп кайсы шаарга учаары белгилүү болду – Aviasales.kg

Кыргызстандыктар быйыл Ноорузда эң көп кайсы шаарга учаары белгилүү болду – Aviasales.kg

Быйыл Нооруз майрамы дүйшөмбүгө туш келгендиктен, кыргызстандыктар 3 күн эс алышат. Aviasales.kg сайтынын талдоочулары бул күндөрү авиа билеттерге суроо-талап 28%га өскөнүн жана бул дем алыш күндөрү кыргызстандыктар кайда учарын аныкташты. Кыргызстандыктардын эң биринчи эл аралык туристтик багыттары  –  Түркия, Грузия жана Бириккен Араб Эмираттары. Стамбулга суроо-талап бул

Сузакта 80 тонналык өсүмдүк майын чыгарган завод ишке кирди – сүрөт

Сузакта 80 тонналык өсүмдүк майын чыгарган завод ишке кирди – сүрөт

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 80 тонналык өсүмдүк майын чыгаруучу завод ишке кирди. Бул тууралуу «Кабар» маалымат порталы жазды. Сузак районунда бир нече жылдан бери токтоп турган май чыгаруучу завод жеке ишкер Султан Тойгонбаевдин долбоорунун аркасында кайрадан иштей баштаган. Берилген маалыматка ылайык, завод суткасына 30 тоннадан ашык май чыгарат. Сузак

Улуттук банк доллардын курсунун төмөндөшү боюнча түшүндүрмө берди

Улуттук банк доллардын курсунун төмөндөшү боюнча түшүндүрмө берди

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева бүгүн, 18-мартта «Биринчи Радиого» доллардын курсунун төмөндөшү боюнча түшүндүрмө берди. Анын айтымында, рынок долларга канды. Буга чейин долларга болгон суроо-талап кандайдыр бир деңгээлде ажиотаж жана паникалык реакциядан улам болгон. Ошондой эле Карабаева Улуттук банктын эсептик ченди жогорулатканы, долларды республиканын аймагынан тышкары чыгарып

10 миң чет элдик студент экономикага 150 млн доллар алып келет – Абакиров

10 миң чет элдик студент экономикага 150 млн доллар алып келет – Абакиров

10 миң чет элдик студент экономикага 150 млн доллар алып келет. Бул тууралуу Бишкекте «Перезагрузка – 2022» деген аталыштагы Антикризистик форумда Экономика министринин мурдагы орун басары, ишкер Эльдар Абакиров айтты. Анын айтымында, Баткен, Талас, Нарын, Кара-Колго медфакультеттерди ачып, ар бир шаарга 3 миңден пакистандык, индус студенттерди алып келиш керек. «Анткени

Кадырбек Букуев «РСК Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды

Кадырбек Букуев «РСК Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды

«РСК Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы Азизбек Оморкуловдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынан билдиришти. Анын ордуна бул кызматка Кадырбек Букуев дайындалды. Белгилей кетсек, Букуев буга чейин «ФинансКредитБанк» ААК башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалап келген. Чечим банктын директорлор кеңеши тарабынан 2022-жылдын 2-мартында кабыл алынган.

КР кубаттуулугу 100 МВт күн электр станциясынын пилоттук долбоорун ишке ашырууга кызыкдар

КР кубаттуулугу 100 МВт күн электр станциясынын пилоттук долбоорун ишке ашырууга кызыкдар

Кыргызстан IFC жардамы менен кубаттуулугу 100 МВт күн электр станциясын куруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууга кызыкдар. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Мунир Ферози жетектеген Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) делегациясы менен жолугушуу учурунда билдирди. Мунир Ферози Жакынкы Чыгышта, Борбордук Азияда, Түркияда, Афганистанда жана Пакистанда мамлекеттик-

Украинадагы согуш: Россиянын IT-компаниялары Кыргызстанда каттала баштаганы байкалууда

Украинадагы согуш: Россиянын IT-компаниялары Кыргызстанда каттала баштаганы байкалууда

Россиянын Украинага баскынынан улам көптөгөн орус адистери (негизинен IT тармагындагылар) өлкөдөн чыгып кетишкен. Санкциялардан улам – аба чек аралары жабылып, визанын токтотулушу менен алар Армения жана Грузия сыяктуу өлкөлөрдү тандашууда. Ошондой эле бул тизмеге Кыргызстан да кирип калды. Ошол эле учурда релокацияны жарандар эмес, фирмалар дагы ойлонушууда. «Сенти» каржы компаниясынын директору

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу убактылуу жабылды

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу убактылуу жабылды

Бүгүн саат 10:30дар чамасында Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 292-293-чакырым аралыктарында (Долон ашуусу) кар көчкү түшүп, (көлөмү такталууда) жол убактылуу жабылганын ӨКМ маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кар көчкүнүн бийиктиги 8 метр, туурасы 12 метрди түзөт. Жерине Нарын облустук башкармалыгынын куткаруучуларынан турган ыкчам тобу жана райондук бөлүмдүн

Кыргызстанда бааларды негизсиз көтөргөндөргө 1 млн сом өлчөмүндө айып пул салуу сунушталууда

Кыргызстанда бааларды негизсиз көтөргөндөргө 1 млн сом өлчөмүндө айып пул салуу сунушталууда

Кыргызстанда базарларда жана соода түйүндөрүндө социалдык маанидеги товарлардын баасын негизсиз жогорулаткандыгы үчүн айып салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору талкууга коюлду. Маалым болгондой, айып пулду жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 1 млн сом өлчөмүндө салуу каралууда. Министрлер кабинетине үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул мыйзамга ылайык келтирүү тапшырылды.

1-сорттогу ундун дүң баасы 33 сом/кг болууда – Монополияга каршы агенттиги

1-сорттогу ундун дүң баасы 33 сом/кг болууда – Монополияга каршы агенттиги

1-сорттогу ундун дүң баасы 33 сом/кг чейинки деңгээлде болууда. Бул тууралуу Монополияга каршы мамлекеттик жөнгө салуу агенттигинин маалымат кызматы билдирди. Бүгүн, 17-мартта Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаков ун рыногундагы абал менен таанышуу максатында республиканын ун комбинаттарына барды. «Бишкек комбинаты»

Дүйнөлүк экономиканын өсүүсү басаңдайт – Дүйнөлүк банктын божомолу

Дүйнөлүк экономиканын өсүүсү басаңдайт – Дүйнөлүк банктын божомолу

Дүйнөлүк экономиканын өсүү темпи былтыркы өсүштөн кийин (2021-жылы 5.5%), 2022-жылы 4.1%га жана 2023-жылы 3.2%га чейин басаңдайт. Мындай божомолдор Дүйнөлүк банктын январь айындагы отчетунда айтылды. Аталган уюмдун аналитиги Айхан Косе COVID-19 экономикага дагы эле таасирин тийгизип жатканын, бирок климатка байланыштуу маселелер дагы