Украинадагы согуш: Россиянын IT-компаниялары Кыргызстанда каттала баштаганы байкалууда

Украинадагы согуш: Россиянын IT-компаниялары Кыргызстанда каттала баштаганы байкалууда

Россиянын Украинага баскынынан улам көптөгөн орус адистери (негизинен IT тармагындагылар) өлкөдөн чыгып кетишкен. Санкциялардан улам – аба чек аралары жабылып, визанын токтотулушу менен алар Армения жана Грузия сыяктуу өлкөлөрдү тандашууда. Ошондой эле бул тизмеге Кыргызстан да кирип калды.

Ошол эле учурда релокацияны жарандар эмес, фирмалар дагы ойлонушууда. «Сенти» каржы компаниясынын директору Мээрим Аскарбекованын айтымында, Кыргызстанга россиялык IT адистердин келгени азыртадан эле байкалууда.

«Биздин компанияга IT тармагындагы адистерден компанияларды каттоо үчүн юридикалык кызматтарды алууга кайрылуулар келип түшүүдө. Алар менен бирге биз инвесторлордун агымын күтүүдөбүз», – деди ал 16-мартта өткөн «Перезагрузка 2022» деп аталган антикризистик форумда.

Мындан тышкары окуңуз

Экономика министрлиги банктык аманаттарды коргоону күчөтүүнү сунуштоодо

Экономика министрлиги банктык аманаттарды коргоону күчөтүүнү сунуштоодо

Экономика жана коммерция министрлиги жарандардын банктык аманаттарын коргоону күчөтүүнү сунуштап жатат. Бүгүнкү күндө мамлекет миллион сомго чейинки өлчөмдөгү аманаттарды төлөп берүүгө кепилдик берет. Бул максатта 2008-жылдан бери аманаттарды коргоо фонду иштеп келет, ага банктар жыл сайын аманаттардын көлөмүнүн 0,2%га барабар суммасын которуп турууга тийиш. Бирок бир нече

Президенттик шайлоодо талапкерлердин документтерин текшерүү тартиби бекитилди

Президенттик шайлоодо талапкерлердин документтерин текшерүү тартиби бекитилди

Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында президенттикшайлоодо талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү тартиби жөнүндө жобо бекитилди. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган жобо шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылып, талапкерлер үчүн бирдей шарттарды түзөт жана шайлоо документтерин кабыл алуу жана алардын мыйзам талаптарына шайкештигин текшерүүнүн так тартибин аныктайт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштейт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштейт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан мезгилде энергетиктер ишин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүп, иш-чара өтүүчү бардык объектилерди жана аянтчаларды ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылат. Бул тууралуу Ысык-Көл электр тармактар ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, оюндардын объектилерин электр энергиясы менен камсыз кылган негизги көмөк чордондордо адистердин кошумча нөөмөтү уюштурулат.

Караколдо кафелерде жашы жете электердин укуктары бузулуп, ашыкча иштеп келишкен

Караколдо кафелерде жашы жете электердин укуктары бузулуп, ашыкча иштеп келишкен

Караколдо коомдук тамактануучу жайларда иштеген 15–17 жаштагы өспүрүмдөрдүн эмгек укуктары бузулган фактылар аныкталды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, адистер кафе-ресторандарда иштеген жашы жете электердин эмгек шарттарына мониторинг жүргүзүп, эмгек келишимдерин текшерип, өспүрүмдөр арасында жашыруун сурамжылоо өткөрүшкөн. Өспүрүмдөр тейлөөчү жана музыкант болуп иштешкен.