Дастан Иманалиев КРдагы Америкалык соода палатасынын Аткаруучу директору болуп дайындалды
2022-жылдын 17-январында Дастан Иманалиев Кыргызстандагы Америкалык соода палатасынын Аткаруучу Директору болуп ишине киришти. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы кабарлады. Палатанын Директорлор кеңеши мындай дайындоону уюмдун өнүгүүсүнө, анын ичинде Палатанын башка бизнес-ассоциациялар менен кызматташтыгын мындан ары чыңдоо, мамлекеттик бийлик органдарында, ЖКда, эл аралык жана коомдук уюмдарда Палатанын натыйжалуу