Бажы кызматынын төрагасы болуп Самат Исабеков дайындалды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары  Арзыбек Кожошев Мамлекеттик бажы кызматынын жамаатына жаңы төрага Самат Исабековду тааныштырды. Бул тууралуу кабинеттин маалымат кызматы кабарлады.

Арзыбек Кожошев Мамлекеттик бажы кызматынын жаңы жетекчисине чоң жоопкерчилик көрсөтүлүп жатканын, аны актоо зарыл экендигин белгиледи. 

Эскерте кетсек, Самат Исабеков буга чейин 2021-жылдын июнь айынын башынан ушул эле жылдын октябрына чейин Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси болуп иштеген. 1996-жылдан бери бажы органдарында ар кандай оперативдүү кызматтарда, анын ичинде жетекчилик кызматтарды да аркалап келген.

Ага чейин дайындалганына 2 ай болгон Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалганын УКМКнын маалымат кызматы билдирген болчу.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды