«Gruzovichkof» кызматы Кыргызстандыктардын кызматында

Россиянын транспорттук-логистикалык тармагындагы лидерлердин бири «Gruzovichkof» кызматы Кыргызстандын базарына кирди. Компания Бишкек, Ош, Кант жана Каракол шаарларында филиалдарын ачууда.

«Gruzovichkof» жүк ташуу кызматтарынын толук спектри болгондугу менен өзгөчөлөнөт. Эми Кыргызстандын жарандары бир отургуч болобу же көп балалуу үй-бүлөнү көчүрүү болобу, бардык масштабдагы жүктөрдү ташуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

«Gruzovichkof» кызматынын профессионал айдоочулары менен жумушчулары сизге батирге, коттеджге же кеңсеге көчүүгө жардам беришет: алар эмеректерди чачышат/чогултушат, буюмдарды ыңгайлуу кылып таңгакташат, эмеректерди ташышат, курулуш материалдардын баарын, ошондой эле жабдууларды жана морт буюмдарды кылдаттык менен эшиктен эшикке чейин жеткиришет.

«Биз жашоого, эс алууга жана бизнеске убакытты үнөмдөөчү, ар бир адам үчүн ыңгайлуу болгон жүк ташуунун технологиялык жактан өнүккөн жана ишенимдүү дүйнөсүн түзөбүз», – дешет компаниянын өкүлдөрү.

Аталган сервистин кызматын каалаган убакта жана каалаган күнү колдонсо болот. Жүк ташуучу «Gruzovichkof» унаасы 15 мүнөттүн ичинде келет. Ташуу шаар ичинде гана эмес, шаарлар арасында да белгиленген баалар боюнча жүргүзүлөт. Кызматтардын тизмеси тууралуу кененирээк маалыматты https://gruzovichkof.kg/ сайтынан алса болот.

«Gruzovichkof» сервиси жүк ташуу рыногунда 16 жылдан бери ийгиликтүү иш алып барып келет. Бүгүнкү күндө «Gruzovichkof» транспорттук-логистикалык кызматтардын лидерлеринин бири болуп саналат. Кызмат Россиянын 107 шаарында ачылган, ошондой эле КМШ өлкөлөрүндө 10дон ашык филиалдарын ачып, тышкы экономикалык ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 100гө жакын кызматкер суу тарифтери боюнча талкууга катышты

Куткаруучулар 10 айда 428 адамды өлүмдөн сактап калышты

Малайзияда темир жол тармагында тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды

Бишкекте аянты 12 000 чарчы метрди түзгөн спорт академиясы курулууда

Кыргызстан менен АКШнын кызматташуу маселелери сүйлөшүлдү