Базардагы сатуучулардын контролдук-кассалык машиналары болсо, салыктан бошотулушу мүмкүн
Базардагы сатуучулар контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонсо, салыктан бошотулушу мүмкүн. Бул тууралуу кечээ, 2-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев билдирди. Ишкерлердин оор абалы тууралуу теманы депутат Айсулуу Мамашова көтөрдү. Ал сатуучулар кыйынчылыктарга, кризиске туш болуп турган учурда ККМди киргизүүнүн тууралыгына күмөн санаганын айтты. Министр жаңы