«Бакубат Талас» фонду топуракты анализдеген лабораториянын ремонтун каржылады

Жерүй кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясы «Кыргызгипрозем» ишканасынын топуракты анализдөө лабораториясынын ремонтун каржылады. Каражат «Бакубат Талас» фонду аркылуу бөлүнгөн.

Жалпысынан лабораторияны курууга жана жабдууга дээрлик 1.9 млн сом берилген. Биринчи лабораториянын имаратын капиталдык оңдоого 446 миң сом, экинчиси, 560 миң сом – лабораториянын имаратынын ички жасалгасына, үчүнчү – 877 миң сом өлчөмүндө керектүү жабдууларды сатып алуу үчүн бөлүнгөн.

Талас облусунун тургундары буга чейин топурактарды анализдөөчү лабораториянын жоктугунан Бишкекке келип, жыйынтыгын бир ай күтүүгө аргасыз болуп келишкен. Эми мындай кыйынчылыктар болбой, жаңы лаборатория үч күндүн ичинде анализди чыгарып берет.

Лаборатория ушул жылдын аягына чейин иштеп баштоосу күтүлүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды