Президент Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин сунуштады
Президент Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов билдирди. Эске сала кетсек, кечээ Толкунбек Адбыгуловдун Улуттук банктын башчылыгынан кеткени белгилүү болду. Анын ордуна «Мамлекеттик лотерея компаниясынын» директорунун мурдагы орун басары Бөкөнтаевдин келиши божомолдонууда. Тиешелүү документтер