Абылгазы Калбаев КРгы бизнес жана «Нукура» конфеттери тууралуу

Абылгазы Калбаев КРгы бизнес жана «Нукура» конфеттери тууралуу

Economist.kg финансылык басылмасы жаңы башталган бизнестер тууралуу тааныштырууну улантат. Бул жолу кум шекер кошулбаган, Кыргызстандын түштүк жергесиндеги кургатылган жер-жемиштерден жасалган таттуу «Нукура» конфеттери тууралуу болмокчу.

«Нукура» брендинин негиздөөчүсү Абылгазы Калбаев Economist.kg сайтына өндүрүштөгү кыйынчылыктар, ишканасы, КРда бизнес баштоонун оң жана терс жактары тууралуу айтып берди.

– Эмне үчүн дал ушул өндүрүш тармагын тандап алдыңыз? Бул бизнесте көп инвестицияны талап кылган тармак эмеспи.

– Биз алгач кургатылган жемиштерди экспорттоо максатында компанияны ачкан элек. Кийинчерээк бир катар тоскоолдуктарга туш келдик, анткени чоң көлөмдү чогултуу кыйын болуп жатты, экинчиден, биздеги кургатылган жемиштердин сорту бирдей эмес жана көрүнүшү да жакшы эмес экен. Анан мага ошол кургатылган жемиштерден подукт чыгаруу идеясы келди. Негизи бул тармак чындыгында эле көп инвестицияны, акчаны жана убакытты талап кылган чөйрө экен.

– Компанияңыз, сиздер өндүргөн продукт тууралуу айтып берсеңиз.

– Интернеттен карап көрсөм, чет өлкөлөрдө кургатылган жемиштерден конфет жасашат экен. Мен интернеттен бир нече рецепт таап, ошонун негизинде жасап көрдүм, бирок алардын даамы мени канаатандырган жок. Андан соң 2-3 айдын аралыгында өзүмдүн рецептимди иштеп чыктым. Алгач момпосуйдун 2 түрүн ойлоп таптым, учурда 4 түрү бар, жакын арада ассортиментти онго чейин жеткирүү планыбызда бар. Азыркы учурда компанияны чоңойтуу иштери менен алекбиз. Жакын арада чет өлкөлүк кардарлар менен чоң келишим түзүүгө даярданып жатабыз.

«Нукура» конфеттери биздин рынокто жаңылык болуп эсептелет, себеби биздин продукция 100% натуралдык компоненттерден жасалат, эч кандай зыяндуу кошулмасы жок, кумшекер кошулбайт. Эн негизгиси, ден-соолукка пайдалуу. Биздин негизги максат –пайдалуу шириндиктерди баарына жеткиликтүү кылуу. Негизи натуралдуу азыктар кымбат болот деп ойлошот. Бирок биз өзүбүз кургатылган жемиштерди жана жаңгактарды өндүргөндүктөн өтө деле кымбат болбойт экен. Ошону менен бирге биздин технологиябыз, бизнес модель продукцияны кымбат эмес кылып өндүрүүгө мүмкүнчүлүк жаратты.

– Азыр канча адамды жумуш менен камсыз кыласыз?

– Азыркы учурда компанияда 15 адам иштейт жана алардын сегизи Баткенде цехте иштешет. Жаңы цехтин курулушу бүтсө, 50гө чукул адамды жумуш менен камсыз кыла алабыз деп турабыз.

– Эмне үчүн цех Бишкекте эмес, Баткенде?

– Биздин цех Баткен шаарына жакын Бужум айылында жайгашкан. Биз алгач цехти Бишкек шаарында ачкан элек, бирок кийинчерээк Баткенге көчүрүп  салдык, себеби, ал жакта жумушсуздук маселеси бар. Биз бир аз болсо да салым кошуп,  элдердин бир аз бөлүгүн жумуш менен камсыз кылгыбыз келди. Чындыгында бизге логистика жагынан кыйын жана бул жакта өндүрүүчүлөргө эч кандай шарттар каралган эмес. Мен жакында цехти чонойтуу максатында имарат издедим, бирок таба албадым. Бизде цехке өтө ылайыктуу чоң-чоң ресторандарыбыз бар экен, бирок тилекке каршы, биздин эл керексиз чыгашаларга үйрөнүп калган. Мен ар дайым той кылгандарды көргөндө, ушул жерди сонун өндүрүүчү цех кылса болот экен деп суктануу менен караймын. Азыр болсо биз өзүбүз цехти чоңойтуп, куруп жатабыз.

– Чийки заттарды Баткенден эле аласыздарбы же башка жактан да ташып келесиздерби?

– Өрүк Баткенден, кайналы, балды Оштон, жаңгакты Жалал-Абаддан, жер жаңгак, мейизди болсо коңшу өлкөлөрдөн алабыз. Ал эми какао Европадан келет.

– Азыр өндүргөн продуктту Кыргызстандан сырткары кайсы өлкөлөргө экспорттоп жатасыздар?

– Продукция азыркы учурда Москва шаарында сатылып жатат. Жакын арада буюрса, араб өлкөлөрүнө жана Европа мамлекеттерине экспортоо жолунда турабыз.

– Ишканаңызды ачкандан тартып, кандай кыйынчылыктарга дуушар болдуңуз? Дегеле, КРда бизнес баштоонун оң жана терс жактары кандай?

– Менин байкаганым, бизде жаш болсоң бул жаш, тажрыйбасы жок алдаса болот дегендей мамиле жасашат. Бир нече жолу мага «биздин соода маркабыз менен өзүңдүн момпосуйуңду өндүрүп бер» деп сунуш кылышты. «Биз менен иштесең чоң көлөм болот, сен өзүң көп сата албайсың» деген учурлар да болот. Мен аларга «мен өзүбүздүн брендди өнүктүрүүгө кызыктармын, чыгарып жаткан продукциямдын чоң мүмкүнчүлүктөрүн көрүп турамын» деп жооп берип келем. Менин оюмча, бизде продукт өндүрүүгө өтө чоң мүмкүнчүлүктөр бар, себеби, бул тармакта алектенгендер өтө аз жана конкуренция да көп эмес.

– Бизнести канча каражат менен баштадыңыз?

– Биз алгач бизнесибизди өнөктөш менен 120 миң сом менен баштаган элек. Баштаганыбызга 2 жылдай болуп калды. Азыркы учурда 4 млн сомго жакын акча короттук жана дагы 4 млн сом инвестиция кылууга даяр инвестор бар. Өндүрүштүн көлөмү чоңойгон сайын, көп каражат талап кылынат экен.

– Жаңы бизнес баштап жаткандарга эмне деп кеңеш берет элеңиз?

– Мени азыркы деңгээлге жеткирген – бул менин кыялдарым жана өзүмдүн идеяларыма болгон ишенич. Эң негизгиси бул кыялдануу, себеби ишкер адам – бул кыялкеч адам. Эгерде бир нерсе кылуу жолуна түшсөңүз, артка кайтпаңыз, өзүңүзгө толук ишениңиз деп айтаар элем.

Мындан тышкары окуңуз

McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

Кыргызстанга азык-түлүк жеткирүү пландары боюнча мурда айтылган McDonald’s ресторандар тармагынын ордуна Орусиянын "Вкусно - и точка" тармагы аталды. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги тактады. Министрликтин жаңыланган маалыматына ылайык, "РУЛОГ" компаниясы Burger King жана "Вкусно - и точка" ресторандар тармактары үчүн азык-түлүк

Ишкер Media
“Торугарт” өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын агымы 50%га өстү

“Торугарт” өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын агымы 50%га өстү

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы «Торугарт» өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын суткалык агымы 50%га көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында өткөрүү пунктуна суткасына орточо 359 жүк ташуучу унаа келсе, октябрь айында алардын саны 538ге жеткен. Бажы жол-жоболорун тездетүү максатында кайталанган

Ишкер Media
Ынтымак-Ордодо эл аралык аба каттамдарын кеңейтүү маселелери талкууланды

Ынтымак-Ордодо эл аралык аба каттамдарын кеңейтүү маселелери талкууланды

Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Knighthood Global консалтингдик компаниясынын төрагасы Джеймс Хоган менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу МинКабдан билдирди. Билдирүүгө ылайык, тараптар жарандык авиацияны өнүктүрүү, эл аралык аба каттамдарын кеңейтүү, аэропорттук инфраструктураны модернизациялоо жана улуттук авиа ташуучулардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жаатындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында

Ишкер Media
Кыргызстанда картошка импортуна убактылуу тыюу салынган, анын таасири сезилдиби?

Кыргызстанда картошка импортуна убактылуу тыюу салынган, анын таасири сезилдиби?

Кыргызстанда картошка калктын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылган эң маанилүү социалдык азыктардын бири болуп саналат. Анын баасынын өзгөрүшү керектөөчүлөргө да, дыйкандарга да түздөн-түз таасир этет. Буга байланыштуу өлкөдө картошка өндүрүү, анын баалары, импорттун көлөмү тууралуу сөз кылабыз. "Ишкер" медиа сайтынын бул багыттагы суроолоруна Суу ресурстары, айыл чарба

Ишкер Media