акыркы жаңылыктар

Алайдын бийик тоолорунда 4 жылдыздуу отель ачылды – СҮРӨТТӨР

Бизнес

Алайдын бийик тоолорунда 4 жылдыздуу отель ачылды – СҮРӨТТӨР

Алай районундагы Талдык ашуусунда Ош – Эркеч-Там жолунда кыргызстандык ишкер Абдырасул Акматов деңиз деңгээлинен 3450 метр бийиктикте жаңы «Памир Алай» мейманканасын ачты. Бул мейманкана дүйнөнүн эң мыкты 5 бийик отелдеринин тизмесине кириши мүмкүн. Бул тууралуу Economist.kg сайтына мейманкананын негиздөөчүсүнө эксперттик жардам көрсөткөн «Юнисон Групп» уюмунан билдиришти. Боз үйдүн элесин

Россиялык компания Кыргызстанга жаңы гидроэнергетикалык объекттердин долбоорун түзөт

Россиялык компания Кыргызстанга жаңы гидроэнергетикалык объекттердин долбоорун түзөт

Россиялык «Гидропроект Институту» ААК Кыргызстан үчүн жаңы гидроэнергетикалык объекттердин долбоорун иштеп чыгат. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди. КРнын бийлиги менен түзүлгөн келишимдердин алкагында компания Бишкекте филиалын ачып, КРда чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү программасын («Жашыл миллиард») ишке ашыруу боюнча консультант статусун алган. Берилген маалыматка ылайык, уюмдун кызматташтыктын приоритеттүү пландарына

Казакстандыктар Түркияга Бишкек аркылуу учууда – билеттер кыйла арзан

Казакстандыктар Түркияга Бишкек аркылуу учууда – билеттер кыйла арзан

«Манас» аэропортунда Стамбулга учуп жаткан көп алматылык жүргүнчүлөрдү байкоого болот. Анткени казакстандыктар үчүн Бишкек аркылуу учуу пайдалуу, анткени Бишкек – Стамбул аба каттамынын баасы Алматыдан ошол эле багытка караганда бир нече эсе арзан. Economist.kg Бишкек менен Алматыдан Түркияга каттамдардын баасын сурады. 12-августтан 19-августка чейин эки тараптуу билеттердин баасы:

Президенттин жана өкмөттүн Аппараты ак түстөгү жол тандабас унааларды алууга 60 млн сом жумшайт

Президенттин жана өкмөттүн Аппараты ак түстөгү жол тандабас унааларды алууга 60 млн сом жумшайт

Президенттин жана өкмөттүн администрациясына караштуу автотранспорт бирикмеси 60 млн сомго машина сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы билдиргенин Kaktus.media кабарлады. Жарыяланган тендерде автоунаалар 2021-жылы чыккан, буга чейин колдонулбаган жаңы болуш керек экендиги, беш эшиктүү болуп, чоң жолдордо жана жолсуз талаа-түздө да эч кандай

Министрлер Кабинети ун чыгарылчу данды импорттоодо КНС ставкасын нөлгө түшүрдү

Министрлер Кабинети ун чыгарылчу данды импорттоодо КНС ставкасын нөлгө түшүрдү

Министрлер кабинети ун болуп иштетилчү данды импорттоодо КНС ставкасын жокко чыгарды. Тиешелүү токтом 1-августтан тартып күчүнө кирет. Ал келерки жылдын августуна чейин жарактуу болот. Ундун базардагы баасын турукташтыруу үчүн министрлер кабинети кошумча нарк салыгынан бошотушту: * ун болуп иштетилүүчү дан импорттоочу тарабынан түз импорттолгондо * импорттоочу өзү түздөн-түз ата мекендик

Кыргызстан августтан баштап Түркмөнстандан электр энергиясын сатып ала баштайт

Кыргызстан августтан баштап Түркмөнстандан электр энергиясын сатып ала баштайт

КР электр энергияны Түркмөнстандан сатып алат. Тиешелүү келишимге Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев жана Түркмөнстандын энергетика министри Чарымырат Пурчеков кол коюшту. Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун 27-28-июнда Түркмөнстанга болгон расмий сапарында эки өлкөнүн лидерлери Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүү боюнча макулдашышкан. Кол коюлган келишимге ылайык, 2021-

Жириновский РФдан Ысык-Көл облусуна темир жол байланышын ачууну сунуштады

Жириновский РФдан Ысык-Көл облусуна темир жол байланышын ачууну сунуштады

КРнын Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гульнара-Клара Самат ЛДПРдин өкүлдөрү менен биргеликте Владимир Жириновскийди жолугушууга чакырды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жакында балдар оюн-зоок борборундагы окуяга байланыштуу Кыргызстанда болгон кырдаалга көңүл бурушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады. Элчи, мындай көрүнүштөр жана провокациялар кайсы өлкөдө болбосун кезигерин, бул

Мирлан Бакиров: улуттук башкаруу компаниясын түзүү идеясынын үстүндө иштеп жатабыз

Мирлан Бакиров: улуттук башкаруу компаниясын түзүү идеясынын үстүндө иштеп жатабыз

Келечекте улуттук башкаруу компаниясын түзүү идеясынын үстүндө иштеп жатабыз. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунун (ММФ) төрагасы Мирлан Бакиров бүгүн, 11-августта өткөн «Мамлекет катышкан акционердик коомдордогу корпоративдик башкаруу: көйгөйлөр жана келечек» тегерек столунда айтты. ММФнын төрагасы Улуттук башкаруу компаниясы ири акционердик коомдорду, алардын уставдык капиталын бир жерге топтоп, эл аралык

Кыргызстандыктар ПЦР-тестсиз кайсы өлкөлөргө уча алышат?

Кыргызстандыктар ПЦР-тестсиз кайсы өлкөлөргө уча алышат?

Көптөгөн өлкөлөр өз аймагына кирүүнү жеңилдетишти жана эмдөөнүн толук курсун аяктагандар үчүн милдеттүү түрдө көрсөтүлүш керек болгон терс ПЦР-тестти алып салышты. Бирок ар бир өлкөнүн вакцинанын түрүнө жана толук курстун убактысына карата бир катар өз талаптары бар. Бардык өлкөлөр үчүн жалпы эреже – эмдөө документтеринин бир жылга жарактуулугу. Economist.kg

Кыргыз IT продукциясы Сингапурда 1 млн долларга бааланды

Кыргыз IT продукциясы Сингапурда 1 млн долларга бааланды

Кыргызстандык Codify Solutions компаниясынын IT-продукциясы Сингапур Antler акселераторуна өттү. Бул тууралуу компаниянын негиздөөчүсү жана жетекчиси Дина Руслан фейсбук баракчасында билдирди. Анын айтымында, акселератор өзү долбоорлорго 100 миң доллардан, ал эми өнөктөш венчурдук фонддор аркылуу – 1 млн доллардан инвестиция салат. Кыргызстандык иштеп чыгуучулардын долбоорунун өзү 1 млн долларга бааланууда. Белгилей

Каалоочулар үчүн Mini MBA онлайн курсу жакында старт алат

Каалоочулар үчүн Mini MBA онлайн курсу жакында старт алат

Ишкердикти колдоо уюмунун колдоосу менен жакында каалоочулар үчүн Mini MBA онлайн курсу старт алат. Курс 17 сааттык бизнес маалыматтар, түшүнүктөр жана практикалык көнүгүүлөр берилген 169 видео сабактан турат. Уюштуруучулардын айтымында, курс материалды өздөштүрүү үчүн көп убакытты талап кылбагандай болуп түзүлгөн. Бир видеонун орточо узактыгы 6 мүнөт болот. Курстун программасы төмөнкү

Нариман Түлеевдин уулу «Дос-Кредобанктын» дагы 14.22% акциясына ээ болду

Нариман Түлеевдин уулу «Дос-Кредобанктын» дагы 14.22% акциясына ээ болду

«Дос-Кредобанк» ААКсынын баалуу кагаздарынын ээлеринин тизмесинде өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) маалымдады. Берилген маалыматка ылайык, 2021-жылдын 6-августунда «Борбордук депозитарий» ЖАКы банктын жөнөкөй катталган акцияларын (116 213 нускада) Бакыт Нариман уулуна өткөрүп берген. Ошентип, ал банктын уставдык капиталынын 14.22% акциясына ээ болгон. Белгилей кетсек,