Кыргызстандыктар ПЦР-тестсиз кайсы өлкөлөргө уча алышат?

Кыргызстандыктар ПЦР-тестсиз кайсы өлкөлөргө уча алышат?

Көптөгөн өлкөлөр өз аймагына кирүүнү жеңилдетишти жана эмдөөнүн толук курсун аяктагандар үчүн милдеттүү түрдө көрсөтүлүш керек болгон терс ПЦР-тестти алып салышты. Бирок ар бир өлкөнүн вакцинанын түрүнө жана толук курстун убактысына карата бир катар өз талаптары бар. Бардык өлкөлөр үчүн жалпы эреже – эмдөө документтеринин бир жылга жарактуулугу.

Economist.kg редакциясы саякаттоонун алдында эмдөөдөн өткүсү келген жарандарга иликтөө даярдады. 

Sinopharm

Sinopharm – бул Кытайдын вакцинасы, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) тарабынан 18 жаштан ашкан адамдарга шашылыш түрдө колдонуу үчүн бекитилген.

Эмдөө курсу толук жүргүзүлсө, тийиштүү документтер болсо Грузияга кирүүгө уруксат берилет. Бардык өлкөлөрдүн жарандары өлкөгө карантинден өтпөстөн жана ПЦР анализдерсиз кире алышат. Грузияга кургактык же суу транспорту менен киргенде, ПЦР 72 сааттан ашык эмес саатта тапшырылган болуш керек.

Түркияга кирүү үчүн, жүргүнчү келе жаткан өлкөнүн расмий мамлекеттик органдары тарабынан берилген эмдөө күбөлүгүн тапшыруу керек. Документте эмдөө киргенге чейин 14 күндөн кем эмес убакыт өткөндүгү тууралуу маалымат камтылышы керек.

Египетке бараткан туристтер ДССУ тарабынан бекитилген вакцина менен эмдөөнүн толук курсун аяктаган шартта, өлкөгө ПЦР анализдерисиз кире алышат. Бул тизмеге Sinopharm жана AstraZeneca кирет. Чек арада эмдөө тууралуу күбөлүктү көрсөтүш керек.

Мальдив аралдары эмделген туристтер үчүн терс ПЦР-тестин көрсөтүүнү жокко чыгарды. Бирок, эреже ДССУ тарабынан бекитилген вакцинаны алгандарга гана тиешелүү. Кыргызстанда барлардан бул AstraZeneca жана Sinopharm.

Украинага кирүү үчүн, эмдөөнүн толук курсу аяктаганын тастыктаган документти көрсөтсөңүз болот (орусиялык Sputnik V вакцинасы менен эмделгендиги тууралуу сертификат менен кирүүгө болбойт).

Армения бийлиги эмделген туристтердин кирүүсүн да жеңилдетти. Сиз эмдөөнүн толук курсун аяктаганыңыз тууралуу сертификатты же «жашыл паспортту» көрсөтүшүңүз керек.

Sputnik V

Sputnik V – орусиялык вакциналардын бири. Мурда Кыргызстанда аны 65 жаштан ашкан адамдар гана колдоно алышчу, учурда аны баары эле ала алат.

Туристтер ПЦР тесттерин алгысы келбесе, Sputnik V менен эмдөөдөн өтүп, Грузияга кире алышат. Ар кандай вакциналардын шарттары бирдей, болгону тиешелүү документти көсөтүү керек.

Түркия дагы орус вакцинасы менен эмделген туристтерди кабыл алат. Вакцинанын акыркы дозасы өлкөгө кирген күндөн кеминде 14 күн мурун кабыл алынышы маанилүү.

Армения бийлиги да орусиялык вакцинага ишенет жана аны алган туристтерди кабыл алат.

AstraZeneca

Кыргызстан Оксфорд университети жана AstraZeneca компаниясы тарабынан иштелип чыккан AstraZeneca вакцинасы менен да эмдеп жатат.

Европа Биримдигинин өлкөлөрүнө Европа агенттиги же Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан жактырылган вакциналарды алгандар ПЦР анализи жок кире алышат. Кыргызстанда бар бул дарыларга AstraZeneca жана Sinopharm кирет. Бул учурда, вакцинанын акыркы сунушталган дозасы кирерден 14 күн мурда киргизилиши керек. Бирок, Европа өлкөлөрүнө кирүүчү адамдардын саны азыр чектелүү.

Белгилей кетсек, сурамжылоого кирбей калган өлкөлөр азырынча чет элдиктерге чек араларын ача элек.

ПЦР тесттеринин жардамы менен кээ бир процедуралар жөнөкөйлөштүрүлгөнүнө карабастан, бардык жарандар, вакцинаны алганына же албагандыгына карабастан, санитардык чараларды сактоого тийиш: беткап кийүү, социалдык 1.5 м аралыкты сактоо жана колдорду антисептикалык каражаттар менен тазалап туруу керек.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте өткөн "Өлбөс полкко" 30 миңден ашуун адам катышты

Бишкекте өткөн "Өлбөс полкко" 30 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырларды эскерүүгө арналган "Өлбөс полк" аттуу аскердик-патриоттук акция өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жүрүшкө 30 000ден ашык адам катышты. Акциянын катышуучулары согушта курман болгон же тылда эмгектенген туугандарынын, ардагерлердин сүрөттөрүн көтөрүп, Д. Асанов атындагы парктан Жеңиш аянтындагы "Түбөлүк

Ошто Санкт-Петербург көчөсү реконструкциядан кийин ачылды

Ошто Санкт-Петербург көчөсү реконструкциядан кийин ачылды

Бүгүн, 9-май — Улуу Жеңиш күнүндө Ош шаарындагы Санкт-Петербург көчөсү реконструкциядан кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Россия Федерациясынын жана Өзбекстандын Ош шаарындагы консулдуктарынын өкүлдөрү, “Орус үйүнүн” кызматкерлери, шаар тургундары жана коноктор катышты. Реконструкцияланган көчө 49-көчө менен кесилишип,

Бишкектеги курулушта автокран оодарылып, компанияга айып пул салынды

Бишкектеги курулушта автокран оодарылып, компанияга айып пул салынды

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйдүн курулушунда автокран оодарылып кеткен окуя боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, окуя 7-май күнү Матыев көчөсү 21 жана 21/2 дарегинде жайгашкан 17 кабаттуу турак үйдүн курулушунда болгон. Автокран өндүрүштүк

ӨКМ: 10-12-май күндөрү сел жүрүү коркунучу бар

ӨКМ: 10-12-май күндөрү сел жүрүү коркунучу бар

10-майдан 12-майга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн. Буга байланыштуу ӨКМ жарандарды майрам жана эс алуу күндөрү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат. Айрыкча тоолуу жана тоо