Жириновский РФдан Ысык-Көл облусуна темир жол байланышын ачууну сунуштады

Жириновский РФдан Ысык-Көл облусуна темир жол байланышын ачууну сунуштады

КРнын Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гульнара-Клара Самат ЛДПРдин өкүлдөрү менен биргеликте Владимир Жириновскийди жолугушууга чакырды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жакында балдар оюн-зоок борборундагы окуяга байланыштуу Кыргызстанда болгон кырдаалга көңүл бурушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Элчи, мындай көрүнүштөр жана провокациялар кайсы өлкөдө болбосун кезигерин, бул учур күнүмдүк деңгээлдеги окуя катары караларын, бул маселе боюнча өлкөнүн компетенттүү органдары тийиштүү иштерди аткарып жаткандыгын белгилегенин элчиликтен билдиришти.

Тараптар мындай кырдаалды эки тараптуу мамилелерди туруксуздаштырууга кызыкдар адамдар колдонушу мүмкүн экенине макул болушту, демек, мындай окуялар өз ара мамиленин начарлашына негиз боло албайт деген пикирлерин билдиришти.

Мындан тышкары, Элчи Клара Самат белгилегендей, КР ар дайым Россия менен эки тараптуу мамилелерди бардык багытта өнүктүрүүнү жактай турганын белгиледи. Теманы улантып, Клара Самат ушул жылдын 19-августунда Чолпон-Атада «ЕАЭБдеги бизнес-өнөктөштүктүн жаңы чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү» аттуу III кыргыз-россия бизнес форумун өткөрүү пландалып жатканын билдирди. Өз кезегинде Мамлекеттик Думанын депутаты алдыдагы бизнес-форумга катышууга кызыкдар экенин билдирди жана жолугушууга катышкан ЛДПРдин өкүлдөрүнө өлкөнүн экспорттук өнүгүү потенциалы менен таанышуу жана Кыргызстандын туризм, мал чарбасы жана агрардык сектор чөйрөсүндөгү бизнес коомчулугу менен жолугушууларды өткөрүү үчүн КРга барып келүү сунушун киргизди.

Ошондой эле Жириновский Борбор Азия өлкөлөрү менен Россиянын ортосундагы маданий байланышты өнүктүрүү үчүн Чынгыз Айтматовдун Ысык-Көл форумун кайра баштоону сунуштады. Мамлекеттик Думанын депутаты өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү керектигин белгилеп, Кыргызстанда россиялык туристтердин санын көбөйтүү үчүн Россиянын шаарларынан Ысык-Көл облусуна темир жол байланышын ачуу маселесин иштеп чыгууну сунуштады.

Эске салсак, «MagicCity» оюн-зоок борборунда мас абалдагы адам кассадагы тейлөөчү кыздын орус тилинде кызмат көрсөткөнүнө жини келип, калькулятор менен бир урган. Бул кырдаалга ачууланган Россиянын ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский Кыргызстан менен соода-экономикалык байланышты үзүүгө чакырган болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Мамлекеттик бажы кызматы дары-дармек импорттоодо КНС боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныктады. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 1,3 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын импорттоодо кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныкташты. Маалыматка ылайык, "Н.В.С.О." компаниясы салыктан бошотулган

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу ишкананын расмий баракчасына жарыядланды. Маалыматка ылайык, асма аркан инфраструктурасын куруу иштерин асма транспорттук системаларды долбоорлоо жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда. Учурда төмөнкү асма аркан жолдорунун

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол четиндеги бак-дарактарды иретке келтирүү жана бутоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чараны Манас шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы аткарды. Дарактардын куураган жана ашыкча бутактары кыркылып, алардын жакшы өсүшүнө шарт түзүлдү. Мэрия белгилегендей, мындай иш-аракеттер шаардын көчөлөрүнүн көрктүүлүгүн арттырууга, жашыл

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкек мэриясы көп батирлүү үйлөр курулган ижарадагы жер тилкелерин сатып алууда төмөндөтүүчү коэффициенттерди киргизди. Чечим турак жай ээлеринин мүлктүк укуктарын каттоодогу көйгөйлөрдү жоюуга багытталган. Ага ылайык: * 2026-жылдын 31-декабрына чейин жер тилкесин сатып алуу баасы 50%га төмөндөтүлөт (коэффициент – 0,5); * 2027-жылы – 40%га (коэффициент – 0,6); * 2028-