акыркы жаңылыктар

Салык кызматында жетекчилик курам жаңыланды

Экономика

Салык кызматында жетекчилик курам жаңыланды

КРнын Мамлекеттик салык кызматында төраганын орун басарлары алмаштырылды. Тиешелүү тескемелерге 2026-жылдын 30-мартында Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Чечимге ылайык, Салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басарлары болуп Нурлан Максутов жана Нурлан Маманов дайындалды.  Бүгүн, 31-мартта, мекеменин төрагасы Алмамбет Шыкмаматов жаңы жетекчилерди жалпы жамаатка расмий түрдө тааныштырды.

Бишкекте MedExpo Kyrgyzstan 2026 эл аралык медициналык көргөзмөсү старт алды

Коом

Бишкекте MedExpo Kyrgyzstan 2026 эл аралык медициналык көргөзмөсү старт алды

Бүгүн, 31-мартта, Бишкек шаарында саламаттык сактоо тармагындагы эң ири иш-чаралардын бири — MedExpo Kyrgyzstan 2026 расмий түрдө ачылды. Иш-чарага медицина тармагынын өкүлдөрү, бизнес чөйрөсү жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери катышууда. Көргөзмөнүн ачылыш аземине Саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов катышып, бул иш-чара заманбап технологияларды киргизүү жана эл аралык кызматташууну

Кыргызстанда айрым азык-түлүктөр кымбаттады: кайсылар?

Коом

Кыргызстанда айрым азык-түлүктөр кымбаттады: кайсылар?

Кыргызстанда айрым негизги азык-түлүк товарларынын баасы жогорулап, айрымдары арзандаганы байкалды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Министрлик 2026-жылдын 25-мартына карата Кыргызстан, ошондой эле Россия жана Казакстандагы азык-түлүк бааларына салыштырма мониторинг жүргүзгөн. Ага ылайык, Кыргызстанда жумуртка (1,6%), картошка (0,

Ак-Суу районунда быйыл кандай өсүмдүктөр эгилет?

Экономика

Ак-Суу районунда быйыл кандай өсүмдүктөр эгилет?

Ысык-Көл облсунун Ак-Суу районунда жалпы 45 977 гектар айдоо жери бар. Быйыл айон боюнча: 12656 гектар жерге арпа, 12510 гектар жерге жаздык буудай, 1672 гектар жерге күздүк буудай, кара күрүч 13 гектар, буурчак 61 гектар, сулуу 27 гектар, чанактуу өсүмдүктөр 26939 гектар, дары чөп 58 гектар, картошка 7278

РФда чет элдик биржалар аркылуу криптовалюта менен соода кылууга тыюу салынышы мүмкүн

РФда чет элдик биржалар аркылуу криптовалюта менен соода кылууга тыюу салынышы мүмкүн

Россияда криптовалюталарды жөнгө салуу боюнча жаңы мыйзам долбоору жакын арада кабыл алынышы күтүлүүдө. Бул тууралуу РФ Мамлекеттик Думасынын депутаты Анатолий Аксаков Газета.ru басылмасына билдирген. Анын айтымында, мыйзам долбоору жазгы сессияда каралып, крипто рынокту мыйзамдуу нукка салуу максатын көздөйт. Документке ылайык, россиялыктар үчүн чет элдик криптобиржалар жана алмашуу сервистери аркылуу

Бишкектин борбордук бөлүгүндө 2 күнгө газ өчүрүлөт

Коом

Бишкектин борбордук бөлүгүндө 2 күнгө газ өчүрүлөт

1-2-апрель күндөрү Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. “Бишкекгаз” газ кызматынын маалыматына ылайык, газ берүү Жантошев, Байтик баатыр, Лев Толстой, Кара-Дарыя, Горький жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрү менен чектелген аймакта токтотулат. Ошондой эле Кыргызавтомаш заводу, макарон цехи, “Жыргал” жана “Байтур” мончолору жайгашкан аймактар да газсыз калат.

Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруудан бюджетке 350 млн сом түшпөй калды

Транспорт

Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруудан бюджетке 350 млн сом түшпөй калды

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча акциянын натыйжасында мамлекет болжол менен 350 млн сом кирешеден кур калды. Ошол эле учурда жарандарга 378 миң жаңы күбөлүк бекер берилди. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, акция 15-январда башталып, 31-мартка чейин уланган.

Улуттук банк жыл башынан бери бешинчи жолу интервенция жасады

Банктар

Улуттук банк жыл башынан бери бешинчи жолу интервенция жасады

КРнын Улуттук банкы 30-мартта жыл башынан берки бешинчи ирет валюта рыногуна интервенция менен чыкты. Анын негизинде жалпы 178,9 млн $ сатылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык бул сумманын 95,9 млн $ бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен сатылган. Акыркы интервенция жыл башынан берки эң ири интервенциянын бири болуп калды. 2026-жылдын

Ала-Арча жээгиндеги курулуштар бузулуп, 5 жаранга айып пул салынды

Коом

Ала-Арча жээгиндеги курулуштар бузулуп, 5 жаранга айып пул салынды

Бишкек шаарында Алтымышев көчөсүндө, Ала-Арча дарыясынын жээгин бошотуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Бул чаралар өзгөчө кырдаалдар учурунда дарыя нугун тазалоо үчүн атайын техникалардын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыз кылуу максатында уюштурулганы маалымдалды. Иш-чаранын алкагында бир катар мыйзамсыз объекттер демонтаждалды. Анын ичинде темир тосмолор, жеңил типтеги курулуштар, күркөлөр, контейнерлер,

Чүйдө 137 млн долларга ири цемент заводу курулат

Коом

Чүйдө 137 млн долларга ири цемент заводу курулат

Министрлер Кабинети менен "ШАНФЭН ЗЭТ ЦЕМЕНТ" ЖЧКсынын ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Келишимдин алкагында Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Октябрь айыл аймагында суткасына 3200 тонна клинкер өндүрө турган цемент заводун куруу пландалууда. Инвестициялык келишимге Министрлер Кабинетинин атынан Президентке караштуу Улуттук инвестиция

Жашыл экономика күн тартибинде: аймактык кызматташуу күчөйт

Экономика

Жашыл экономика күн тартибинде: аймактык кызматташуу күчөйт

Жашыл экономиканы институционалдаштыруу жана заманбап аналитикалык инструменттерди киргизүү маселелерине арналган эл аралык конференция болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Иш-чарага илимий-изилдөө мекемелеринин, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышып, кесиптик диалог жүргүзүп, тажрыйба алмашты. Конференциянын жүрүшүндө жашыл экономиканы өнүктүрүү, туруктуу саясатты

Күн сайын 1300 автобус каттамда: талаштуу маалымат төгүнгө чыгарылды

Транспорт

Күн сайын 1300 автобус каттамда: талаштуу маалымат төгүнгө чыгарылды

Бишкек шаарында 400дөн ашык автобус каттамга чыкпай токтоп турат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы расмий билдиришти. Ишкананын маалыматына ылайык, учурда коомдук транспорт кадимки режимде иштеп жатат. Күн сайын линияга орто эсеп менен 1250–1300 автобус чыгууда. Белгиленгендей, автобус паркын пайдалануу деңгээли 85%ды