акыркы жаңылыктар

Бишкек мэриясы миңдеген үлүшчүлөргө техпаспорт берүү жолун тапты

Кыймылсыз мүлк

Бишкек мэриясы миңдеген үлүшчүлөргө техпаспорт берүү жолун тапты

Бишкек шаарында үлүштүк курулуштун катышуучулары үчүн техпаспортторду тариздөө жана келишимдерди каттоо боюнча убактылуу эрежелер киргизилерин шаар мэриясы билдирди. 2026-жылдын 12-мартындагы тескеме муниципалдык жер тилкелеринде курулган көп кабаттуу үйлөрдөгү үлүшчүлөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган. Документ Кыргыз Республикасынын президентинин турак жайга болгон укуктарды каттоо маселелерин жөнгө салуу боюнча тапшырмасын аткаруу максатында

Э.Акунбеков: Эттин баасын турукташтыруу үчүн эт кластери түзүлөт

Коом

Э.Акунбеков: Эттин баасын турукташтыруу үчүн эт кластери түзүлөт

Кыргызстанда эт өндүрүшүн көбөйтүү жана бааны турукташтыруу максатында эт кластерин өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков өлкөдө азык-түлүк бааларын турукташтыруу, айрыкча эттин баасын жөнгө салуу

Кыргызстанда 1100 ветеринар жетишпейт - Абай Казаков

Экономика

Кыргызстанда 1100 ветеринар жетишпейт - Абай Казаков

Кыргызстанда болжол менен 2300 ветеринар керек, бирок учурда болгону 1200 адис гана иштеп жатат. Бул тууралуу радио эфиринде Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын эпизоотияга каршы көзөмөл башкармалыгынын башчысы Абай Казаков билдирди. Анын айтымында, административдик-аймактык реформадан кийин айыл өкмөттөрүнүн саны 400дөн 235ке чейин

Кыргызстан Кытайга экологиялык таза продукция экспорттоону көбөйтөт

Экономика

Кыргызстан Кытайга экологиялык таза продукция экспорттоону көбөйтөт

Кыргызстандын соода өкүлү Кытайдын Чэнду шаарында экологиялык таза продукцияны экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Экономика жана коммерция министрлигинин Кытай Эл Республикасындагы соода өкүлү Жусубали Торомаматов Чэнду шаарында "Chengdu International Trade Group Co., Ltd." мамлекеттик соода корпорациясынын жетекчилиги менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Кыргызстандан

УКМК кызматкерлерине коррупция боюнча кылмыш иши козголду

Коом

УКМК кызматкерлерине коррупция боюнча кылмыш иши козголду

УКМКнын айрым кызматкерлери жана алар менен байланышкан адамдар ишкерлерден жана кылмыш иштери боюнча фигуранттардан акча каражаттарын мыйзамсыз өздөштүрүп келгендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Алдын ала маалыматтарга ылайык, алар мамлекеттин пайдасына өткөрүлүүгө тийиш болгон акча каражаттарын жана мүлктүк укуктарды мыйзамдуу өткөрүп берүү деген шылтоо менен өздөрүнө ыйгарып, жеке кызыкчылыктарын

Касымалиев Boston Consulting Group менен кызматташууну кеңейтүүнү талкуулады

Саясат

Касымалиев Boston Consulting Group менен кызматташууну кеңейтүүнү талкуулады

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Бостон Консалтинг Групп” (Boston Consulting Group) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда кызматташуунун келечектүү багыттары жана Кыргызстандын экономикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча биргелешкен иштер талкууланды. Белгиленгендей, акыркы эки жылда тараптардын ортосунда ишенимдүү жана мазмундуу кызматташтык түзүлүп, компаниянын колдоосу менен

Эки айда Кыргызстанга 17,9 млрд сом инвестиция тартылды

Экономика

Эки айда Кыргызстанга 17,9 млрд сом инвестиция тартылды

2026-жылдын январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда экономикалык өсүштүн оң динамикасы сакталууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтарына таянып билдирди. Маалыматка ылайык, негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,9 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,4%га көбөйдү. Өсүш негизинен ички

Бишкекте милиция кызматкерлери  интернет-алдамчылардын уюшкан тобун аныкташты

Коом

Бишкекте милиция кызматкерлери интернет-алдамчылардын уюшкан тобун аныкташты

Бишкек шаарынын милиция кызматкерлери интернет аркылуу алдамчылык менен алектенген уюшкан топту аныкташты. Бишкек шаардык ИИББнын басма сөз кызматы билдиргендей, схеманын катышуучулары өздөрүн банктын кызматкерлери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана башка мамлекеттик түзүмдөрдүн кызматкерлери катары тааныштырып, жарандарды акчаларын көзөмөлдөгү эсептерге которууга көндүрүшкөн. Андан соң каражаттар тез арада накталай акчага айландырылып же

КРда электрондук акчаны мурастоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

Банктар

КРда электрондук акчаны мурастоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

Жогорку Кеңеште электрондук акчаны мурастоо тартибин мыйзам деңгээлинде жөнгө салган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Документ электрондук акчаларды жарандык укуктун объектиси катары таанып, аларды мураскерлерге өткөрүп берүүнү камсыздоого багытталган. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын статистикалык маалыматына ылайык, өлкөдө 6,5 млн ашык электрондук капчык катталган. Жалпы 3 миллиондон ашык уникалдуу

Москва районунда ата-энеси жок балдарга жер тилкелери берилди

Коом

Москва районунда ата-энеси жок балдарга жер тилкелери берилди

Москва районунда прокуратуранын кийлигишүүсү менен ата-энеси жок үч балага турак жай куруу үчүн жер тилкелери берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Москва районунун прокуратурасы жетим балдардын турак жайга жана жер тилкесине болгон укуктарын коргоо боюнча текшерүү жүргүздү. Текшерүүнүн жыйынтыгында Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Петровка айылында жашаган үч тоголок

Зергерлерге жеңилдик: баалуу металлдар 2% арзандатуу менен сатылат

Бизнес

Зергерлерге жеңилдик: баалуу металлдар 2% арзандатуу менен сатылат

Министрлер Кабинети зергердик буюмдардын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнө баалуу металлдарды сатуу тартибин бекитти. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Документ зергердик тармакты чийки зат менен камсыз кылуу жана тармакты колдоо максатында иштелип чыккан. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча жарлыгына жана “Баалуу металлдар жана асыл

Кытайдагы эки сессия өлкөнүн негизги саясий окуясы болду – Лю Цзянпин

Кытайдагы эки сессия өлкөнүн негизги саясий окуясы болду – Лю Цзянпин

Кытайда эки маанилүү 14-чакырылыштагы Бүткүл кытай эл өкүлдөр жыйынынын 4-сессиясы жана Кытайдын Элдик саясий консультативдик кеңешинин Бүткүл кытай комитетинин 14-чакырылыштагы 4-сессиясы жыйынтыкталганын Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин билдирди. Кытай менен Кыргызстандын кызматташтыгы тууралуу пресс-конференцияда элчи бул сессиялар Кытайдын саясий турмушундагы негизги окуялар экенин