акыркы жаңылыктар

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы КРУБ лицензиясы жок эле операцияларды жүргүзөт

Банктар

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы КРУБ лицензиясы жок эле операцияларды жүргүзөт

“Банктар жана банк иштери жөнүндө” КРнын мыйзамына Президент Садыр Жапаров өзгөртүү киргизүү боюнча документке кол койду.  Ага ылайык, Мамлекеттик өнүктүрүү банкы өз ишмердүүлүгүн КРнын Улуттук банкы тарабынан берилүүчү лицензияны албастан жүзөгө ашыруу укугуна ээ болот.   Ошондой эле, “Банктар жана банк иштери жөнүндө” КРнын Мыйзамы Мамлекеттик  өнүктүрүү банкынын ишинде колдонулбайт.  Мыйзам

Apple компаниясынын капиталы 3,8 трлн долларга жетти

Кызыктуулар

Apple компаниясынын капиталы 3,8 трлн долларга жетти

Apple компаниясынын акциялары кайрадан тарыхый максимумга чыкканын жана ишкананын капиталы 3,8 трлн доллардан ашып, компанияны дүйнөдөгү эң кымбат фирмалардын экинчиси болуусун камсыздаганын CNBC жазды.   Жакында эле Appleдин акциялары NASDAQ биржасында 3,21%га кымбаттаган. 2024-жылы 26-декабрда компаниянын бир акциясы 260,1 доллар болуп, рекорддук чекке жеткен. Эксперттердин айтымында,  iPhone

Кытай 8 айда Кыргызстанга 66 288 унаа экспорттоду

Транспорт

Кытай 8 айда Кыргызстанга 66 288 унаа экспорттоду

Кытай Башкы бажы башкармалыгынын маалыматы боюнча 2025-жылдын сентябрь айында Кытайдан Кыргызстанга импорттолгон автоунаалар былтыркы жылдын сентябрь айына салыштырмалуу 21%га көп болгон.  Былтыркы жылдын 8 айында Кытайдан Кыргызстанга жалпы 54 715 унаа кирсе, быйыл 8 айда 66 288 жеңил унаа импорттолгон. Эске салсак, 2024-жылы Кытай Кыргызстанга 1,9 млрд доллар

Транспорттук текшерүүлөрдөн бюджетке 324 млн сом чогулду

Транспорт

Транспорттук текшерүүлөрдөн бюджетке 324 млн сом чогулду

Үстүбүздөгү жылдын 9 айында 7035 транспорт мыйзамдарын бузуу фактысы катталып, бюджетке 324 млн сом чегерилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан 2025-жылдын январь-сентябрь айларында 790 638 жүргүнчү ташыган жана жүк ташыган унаа текшерилген. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында транспорт

УТРКга жаңы башкы директор дайындалды

УТРКга жаңы башкы директор дайындалды

КРнын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык, Болотбек Тиллебаев Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорлук кызматынан бошотулду. УТРКнын маалыматына ылайык, анын ордуна Уланбек Сатиев башкы директор болуп дайындалды. Уланбек Сатиев бул дайындоого чейин УТРКнын башкы директорунун орун басары, ага чейин ондогон жылдар бою өлкө жетекчисинин расмий, жеке оператору болуп иштеп келген.

"Кемин" көмөк чордону кышкы сезонго даяр

Энергетика

"Кемин" көмөк чордону кышкы сезонго даяр

Чүй облусундагы  эң ири 4 көмөкчордондун бири 500/220/35 кВ “Кемин” көмөк чордонунда оңдоп-түзөө иштери 95 пайызга аяктаганын Чүй электр тармактары ишканасынын маалымат кызматы билдирди.  “Чүй электр тармактар ишканасы тарабынан июнь айында 500/220/35 кВ «Кемин» көмөк чордонундагы 1-автотрансформатор оңдолсо, октябрь айында 2-автотрансформатор оңдоодон өткөрүлдү.  Мындан тышкары 220

«Альянс Алтын» тогуз айда рекорддук 10.5 млрд сом салык которду

Экономика

«Альянс Алтын» тогуз айда рекорддук 10.5 млрд сом салык которду

«Альянс Алтын» ишканасы 2025-жылдын тогуз айында Кыргызстандын бюджетине 10.5 млрд сомдон ашык салык жана милдеттүү төлөмдөрдү которду – бул компаниянын тарыхындагы рекорддук көрсөткүч. Бул каражат пенсияларды, социалдык жөлөкпулдарды каржылоого, мектептерди, ооруканаларды, жолдорду курууга жумшалып жатканын компаниянын басма сөз кызматы билдирди. Жерүй кенин иштетүү башталган 2015-жылдан бери компания бюджетке 34.8

Прензидент ЕАЭБдин баалуу кагаздарды айлантууну жөнөкөйлөтүү макулдашуусун ратификациялады

Прензидент ЕАЭБдин баалуу кагаздарды айлантууну жөнөкөйлөтүү макулдашуусун ратификациялады

Президент Садыр Жапаров ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөгү уюшулган тооруктарда баалуу кагаздарды трансчекаралык жүгүртүү жана жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо мыйзамына кол койду.  Эске салсак, макулдашууга 2025-жылы 31-январда Алматыда кол коюлуп, сентябрда Жогорку Кеңеш аны ратификациялоо мыйзамын кабыл алган.  Аталган макулдашуунун негизги тапшырмалары: ·      ЕАЭб алкагында эмитенттер менен инвесторлор үчүн бирдей шарт түзүп

Камчыбек Ташиев: "Долпран кенин иштетүү текшерилет"

Экономика

Камчыбек Ташиев: "Долпран кенин иштетүү текшерилет"

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Чоң-Кемин айыл аймагындагы Долпран алтын кенине берилген лицензия жана кенди иштетүү маселеси текшерилерин Кемин районунун Кайыңды айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. “Кен байлыктарды бардык эле жерде иштетип жатабыз. Бирок аны экологияга, элге зыяны тийбей тургандай, эл пайда көргөндөй иштетсе болот. Мыйзамдын баарына туура келсе, экологияга,

Майлуу-Суудагы 20 млн сомдук бала бакча мамлекетке кайтарылды

Коом

Майлуу-Суудагы 20 млн сомдук бала бакча мамлекетке кайтарылды

Майлуу-Суудагы бала бакча мыйзамсыз сатылган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасы текшерүү жүргүзгөндө, Көк-Ой айылындагы бала бакча 0,47 га жер тилкеси менен мыйзамсыз жеке менчикке сатылып кеткендиги аныкталган. Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында, базар баасы 20 215 162 сомду түзгөн бул

Кыргызстан Эл аралык эмгек уюмунун Иш менен камсыз кылуу жеке агенттиктери жөнүндө конвенциясын ратификациялады

Коом

Кыргызстан Эл аралык эмгек уюмунун Иш менен камсыз кылуу жеке агенттиктери жөнүндө конвенциясын ратификациялады

Президент Садыр Жапаров “Эл аралык эмгек уюмунун 1997-жылдын 3-июнунда Женева шаарында кабыл алынган Иш менен камсыз кылуу жеке агенттиктери жөнүндө № 181 конвенциясын ратификациялоо тууралуу” КРнын мыйзамына кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 25-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Жогоруда аталган Конвенция ишке орноштуруу жаатындагы эл аралык укуктун негиз салуучу документтеринин бири болуп

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизилди

Бийлик

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду.  Мыйзам I, II жана III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерин жана камкорчуларын мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотуу