«Альянс Алтын» тогуз айда рекорддук 10.5 млрд сом салык которду

«Альянс Алтын» тогуз айда рекорддук 10.5 млрд сом салык которду

«Альянс Алтын» ишканасы 2025-жылдын тогуз айында Кыргызстандын бюджетине 10.5 млрд сомдон ашык салык жана милдеттүү төлөмдөрдү которду – бул компаниянын тарыхындагы рекорддук көрсөткүч. Бул каражат пенсияларды, социалдык жөлөкпулдарды каржылоого, мектептерди, ооруканаларды, жолдорду курууга жумшалып жатканын компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Жерүй кенин иштетүү башталган 2015-жылдан бери компания бюджетке 34.8 млрд сомдон ашык каражат которуп, анын 26.4 млрд алтынды сатуудан түшкөн салыктар. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча 2024-жылы «Альянс Алтын» өлкөнүн эң ири салык төлөөчүлөрүнүн арасында экинчи орунду ээледи.

Салык төлөмдөрүнөн тышкары компания аймактарды өнүктүрүүгө активдүү инвестиция салууда. 2025-жылы Талас районун жана Шумкар-Уя айылын көрктөндүрүү үчүн 620 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Каражат жолдорду оңдоого, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жергиликтүү демилгелерди колдоого жумшалат.

Ишканада 867 адам эмгектенсе, алардын басымдуу бөлүгүн Талас облусунун тургундары түзөт. Компания жергиликтүү таланттарды өнүктүрүүгө, туруктуу жумуш орундарын түзүүгө жана кызматкерлерди окутууга умтулат.

Мындан тышкары окуңуз

Кылмыштуу ишти каржылоого жана аны адалдоого каршы аракеттенүү маселеси талкууланды

Кылмыштуу ишти каржылоого жана аны адалдоого каршы аракеттенүү маселеси талкууланды

Бүгүн Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын 18-жыйыны болуп өтү. Ишчарага  Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразия тобунун эксперттери, Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Адылбек Касымалиев жыйынды

Финансы министрлиги Бакай-атадагы социалдык мекемеге колдоо көрсөттү

Финансы министрлиги Бакай-атадагы социалдык мекемеге колдоо көрсөттү

Финансы министри Руслан Сүйүналиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районундагы улгайган адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар жашаган социалдык стационардык мекемеге барып, анда жашаган жарандар менен жолугушуп кайтты. Финансы министрлигинин маалыматына караганда, КРнын Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык, Финансы министрлиги аталган мекемеге камкордук көрсөтүүнү өз милдетине алган.

Бишкекте 6 акча алмашуу бюросунун лицензиясы убактылуу токтотулду

Бишкекте 6 акча алмашуу бюросунун лицензиясы убактылуу токтотулду

КРнын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк Бишкек шаарындагы 6 алмашуу бюросунун лицензиясынын аракетин убактылуу токтотту.  Улуттук банктын маалыматына ылайык, төмөнкү төрт алмашуу бюросунун лицензияларынын аракети 2026-жылдын 12-сентябрынан 26-сентябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду: * “Милан Обмен” ЖЧК; * “МЭФФ КЭШ”

Кыргызстан менен Кытай техникалык жөнгө салуу жаатында кызматташтыкты өнүктүрөт

Кыргызстан менен Кытай техникалык жөнгө салуу жаатында кызматташтыкты өнүктүрөт

Бүгүн Экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов Кытайдын Рынокту жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу министрлик билдирди. Жолугушууда техникалык жөнгө салуу, шайкештикти баалоо, сертификаттоо жана аккредитациялоо тармактарындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Кыргыз тарап өлкөнүн техникалык жөнгө салуу жана улуттук аккредитациялоо системалары тууралуу маалымат берди.