Гранттар жана кредиттер
“Альянс Алтын” Таластын орто мектептеринин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу курстарын каржылады
Талас облусундагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн төрт мектебинен мугалимдер Бишкектеги “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинде 3 күндүк квалификацияны жогорулатуу боюнча курстарды өтүп, акырында сертификаттарды алышты. Бул тууралуу Жерүй кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясынын маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинде уюштурулган окууларга республиканын бардык аймактарынан жыл сайын ондогон мугалимдер келип окуу