Энергетика
Бишкектин ишканаларында электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу боюнча текшерүү жүргүзүлдү
2023-жылдын 27-ноябрында энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев коммерциялык объектилерди электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу боюнча текшерди. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Такталгандай, текшерүү учурунда Бишкек шаары боюнча бир нече кафе-ресторандарда мекеменин ичинде да, сыртында да жарык берүүчү лампалар күйүп турган. Кийинки мекемеде ээлери имаратты жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ